– Данияр мырза, мурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган учурда саясаттагы курч жаштарыбыздын бири элең. Азыр неге саясаттан алыстап кеттиң?
– Саясаттан алыстаган жокмун, аралашып жүрөм. Орчундуу маселелерге өз оюмду билдирип, позициямды айтып турам. Илгеркидей калыстык принциптерге туруп, эч кандай жаман иштерге аралашпай, коомдук иштер менен алектендим.
– Азыр эмне иш кыласың?
– Жакында «Кыял» мамлекеттик ишканасына директор болуп келдим. «Кыял» бирикмеси – кол өнөрчүлүктүн борбору болуп салынган, бирок союз жоюлгандан кийин өзүнүн милдетин аткарбай, базарга айланган. Ишкананы өнүктүрүү, өстүрүү боюнча жакшы идеялар бар. Жаңы багытта, жаңы ыкмаларды колдонуп, ички башкаруу тутумду өзгөртүп, жогорку деңгээлге көтөргөнгө толук мүмкүнчүлүк жана эрк бар. Жакынкы арада угасыздар.
– Кайсы партия менен шайлоого барганы турасың?
– Шайлоону азырынча ойлонгон жерим жок, «Кыял» бирикмесинин иши менен алек болуп жүрөм. Шайлоого чейин дагы убакыт бар, ойлонобуз.
– Учурдагы саясый абал кандай ойлорго салууда?
– Азыркы саясый абал жөнүндө айта турган болсом, мыйзамдуу шайланган президентибиз аракет кылып, таза иштеп жатат. Өкмөт дагы аракет кыльш жатат, бирок ошол эле учурда кемчиликтер да бар. Иштебеген адамдын кемчиликтери жок, иштеген адамдын сөзсүз кемчиликтери болот, аны моюнга алыш керек. Ошол эле учурда саясын туруктуулукту бузабыз дегендер дагы жок эмес. Саясый кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан өйдө көргөн, элди эмес, өзүн, жеке кызыкчылыгын ойлогон саясый күчтөр көп…
Жамиля Нурманбетова
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ