Menu

Турусбек Маразыков Кытайдан качып келдиби?..

Бөлүшүү:

Илимпоз Турусбек Маразыков 2017-2018-окуу жылында Ж.Баласагын атындагы КУУдан Кытайдын Үрүмчүдөгү Синьцзян педагогикалык университетинин кыргыз филологиясы бөлүмүнө иш сапары менен жөнөтүлгөн. Өткөн окуу жылын толук иштеп келип, иш сапары 2019-жылдын 1-сентябрына чейин узартылган. Бирок Т.Маразыков иш сапарынын мөөнөтү толук бүтө электе, 2018-жылдын аягында Кытайдан баса берген. Мындай жоопкерчиликсиз кадамды ал биринчи жолу жасабаптыр. Мурда ректор Р.Өмүрканов декан кылып дайындап койсо, иштей албай, алты айдан кийин арызын жазып кетип калыптыр. Ишке жоопкерчиликсиз мамилелерден улам конкурстан кулап калып, митинг уюштуруп, көчөдө кыйкырып жүргөнү белгилүү, же Кытайдан да жөн жүрбөй бир балээни былгытып, качып келдиби? Айтор, иш сапарынын мөөнөтү бүтө электе, окуу жылы эми ортолоп, иш кызып келатканда «куйругун түйүп», мындай жорук көрсөткөнү көп суроолорду жаратууда.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 20 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: