Menu

Табылды Акеров, саясат таануучу: «Атамбаев жана анын командасынын миллиондогон коррупциялык иштеринин фонунда Текебаев камакта олтуруп эле акталып калды»

Бөлүшүү:

— Табылды мырза, өткөн жумадагы кытайлыктардын мыйзамсыз миграциясы митингге чейин көтөрүлдү. Бул митинг жазга карата разминка болду деп эсептесек болчудайбы?

— Кытай граждандарынын Кыргызстанга келүүсү Акаев, Бакиевдердин учурунда эле башталган. Бирок, алар ал мезгилдерде аз санда келген. Атамбаевдин мезгилинде маселе башка нукка бурулду. Атамбаевдин учурунда анын тегереги өз чөнтөктөрүнүн
пайдасына иштеп, өлкөдөгү баардык алтын жана башка кендердин лицензияларын кытайлык компанияларга сатып жиберишкен. Бүгүн алардын ири ишканалары өзүнүн офиси турган территорияга кытай шаарчаларын салып, тегерегин бекитип алышкан. Муну ары өткөн да, бери өткөн да көрүп жатат. Кытай кыргыз үчүн жат деген түшүнүк менен ассоциациялангандыктан, бул айрымдарды ар түркүн ойлорго салды. Ал эми саясатчылар буга өрт тутантуучу май куйгулары келип, аларды түрткүлөп жатат.

— Атамбаев Кытайга ыктаганынын себеби эмнеде?

— Анын эң негизги себеби, Кытай коммунисттик өлкө. Компартия дагы да үстөмдүк кылып келет. Кытай ири кредитор. Анан калса, Атамбаев өзү да аты уйкаш уруудан. Кытай өзүнө коңшу региондордо да коммунисттик же социалисттик партиялар же саясий күчтөр бийликте болушуна кызыкдар. Ошондо Кытай өлкөсү эч урабайт, анын түбөлүктүүлүгүнө чоң кепилдик болот. Ошондуктан, Бакиевдердин учурунда парламенттик шайлоолор мезгилинде Кыргызстандын компартиясына бул жактан 100 млн акча келген деген сөз тараган эле. Атамбаев деле бул маалыматтан кабардар болсо керек. Балким, дал ошол себептен Кытай менен тыгыз иштешкен. Айтмакчы, КСДП Кытай тараптан акча алды деген имиштер тараган өлкөдөгү экинчи саясий партия. Мунун баары Кытай Кыргызстандагы социалисттик идеологиядагы саясий партияларды өзүнө моюнтуктап алып, кыргыз бийлигин өз контролуна жана колуна алууга аракеттенип жатат дегендей түр калтырууда. Же болбосо, айрым саясий лидерлер атайылап Кытай тарапка ыктап, жеке өзүнүн чөнтөгүн кампайтуу максатында коңшу өлкөнүн кызыкчылыктарында
иштөөгө да макул болуп жатышат. Атамбаевдин мезгилинде көпчүлүк кендердин лицензиялары кытай компанияларына өтүп кеткен. Лицензиялардын дагы бир бөлүгүн Атамбаевдин тегерегиндегилер өз ара бөлүп алышкан. Мисалы, жакында Зилалиевдин эле бир нече кендерге лицензиясы бар экени белгилүү болду. Бул Атамбаев мөөнөтү бүткөндөн кийин эмнеге кайрадан чоң саясатка кайтып келгиси келип, убара тартып жаткандыгынын бирден-бир себебин ачыктап турат. Анткени, экс-президент КСДПнын парламентке баруучу акчасын эбак эле дайындап койгон. Эгер буга чейин акчаларды сырттан алып келип олтурушса, эми шайлоонун акчаларын ошол лицензия алган кытай компаниялары жана Атамбаевдин тегерегиндеги лицензияларды бөлүп алгандардын компаниялары чыгарат. Мурдагыдай сырттан акчаны ташып келүүнүн эч кажети жок.
КСДПнын акчасы жана парламентке кирүү шансы өтө эле жогору болуп жатпайбы. Ошого Атамбаев оңой менен артка кайтпастыгын, акырына чейин бара тургандыгын билдирип жатат да. Бирок, кытай проблемасын көтөрүүдө эч ким пайда таппайт. Ким гана бийликке келбесин, анын өзү 3–4 айдан кийин ошол эле кытай проблемасын чече албай койгондугу үчүн куулуп, айдалып кетиши турган иш.

— Ушул күнгө чейин Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы тирештин сыры так ачылбай келатат. Ушул сырды бүгүн да бир жолу чечмелегенге аракет кылып көрбөйлүбү? Эки дос кандайча душман болуп калышты?

— Атамбаев 7- апрель революциясынан кийин эле Ө. Текебаев жана башка революционерлерден кол үзүп кеткиси келген. Атамбаев Бабанов, Келдибековдор менен бир коалиция түзүп, алар менен жакын болуп жатты. Бирок, ошол мезгилде, Атамбаев эксперттер менен жолугушуусунда “Силер мени күнөөлөп жаткан чыгарсыңар, Ө. Текебаевди таштап кетти деп. Жок, андай эмес. Бул убактылуу нерсе. Бираз күтө тургула. Мен аны бир же эки жылда, абал өзгөргөндө спикер кылам, көрөсүңөр” деген эле. Кийинчерээк чын эле Атамбаев Бабанов менен Келдибековду чанып, булардын коомдогу аброю өсүп кетпесин деп, тымызын Ө. Текебаев менен жакшы боло баштайт. Текебаевдин жардамы менен коалицияны бузуп таркатып, Келдибековду спикерликтен кулатып, Бабановду премьерликтен кетиргенге үлгүрдү. Мына ошол маалда коомчулук Текебаевди спикер кылат экен деп күтүшкөн. Бирок, андай болгон жок. Атамбаев бул жолу да революциялаш өнөктөшү Текебаевди чеңгел аралыкта (дистанцияда) кармап турууну туура көргөн. Атамбаевдин коомдогу аброю жана таасири канчалык өскөн сайын, ал акырындык менен өзүн саясий элитадан обочолоп, өзүн акыркы инстанция (Кудайдан кийинки) катары көрсөтүүгө аракет кыла баштаган. Ал образга кирип, өзүн жарым кудай же кудай катары көргөзүп жатты. Өлкөдөгү бардык маселелер бир гана Атамбаев аркылуу
чечилип калган. Мисалы, акыркы парламенттик шайлоолордо Атамбаев бардык парламентке кире турган партиялардын тизмелерин өзү жана анын оң колу Илмияновдун жардамы менен түзгөндүгү маалым. Ошентип, Атамбаев ЖКны чөнтөк парламентке айланткан. Ошондон кийин Атамбаев эмнени кааласа ошону жасай алган ажыдаарга айланып калган. ММКлар Атамбаевге тике карап сөз айта алган Текебаев калды деп жазып жатты. Текебаев болсо «Конституция сынды, элита сынды. Эгер эл да сынса, биз кайра турбайбыз» деп жалпы журтка коңгуроо кагып турду. Бирок, Текебаев канчалык коңгуроо какпасын, эбак эле баары чечилип, кеч болуп калган. А. Атамбаев өзү үчүн өз мөөнөтү бүткөндөн кийинки коомдогу ордун тактап алган. Ал резиденцияда жатып алып, өлкөнү башкарам деп ишенген. Ошол үчүн өлкөнүн Конституциясын өзгөртүп, өз адамдарын жаңы келген президент алмаштыра алгыс кылып парламентти да колго алып, баарын чечип койгон. Атамбаев өзү үчүн президенттик мөөнөтүнөн кийин Мао Цзедун, Ден Сяопин, М. Ганди, Ататүрк, Чегивара жана башкаларчылап улуттук баатырга жана
рухий лидерге айлануунун жолун чийип койгон. Ал элдин эсинде революция үчүн жаралган бирден бир инсан, бардык өмүрүн революция үчүн, элдин жыргалчылыгы үчүн арнаган улуу АДАМ катары сакталып калгысы келген. Бул абалда Текебаев ага
тоскоолдук кылып, анын пландарын бузуучу «винтиктин» гана ролун аткарып калган. Атамбаев Текебаевдин саясий атакаларынан корккон эмес. Текебаев эмес, бүтүндөй Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бириксе да эч нерсе кыла албасын жакшы билген. Ал өзүнүн эбегейсиз бийлигине ишенген жана чиренген. Ошого 2016-жылдын 31-августунда бүтүндөй Кыргызстанга жар сала УӨ төрайымы Р. Отунбаеваны мыйзамсыз деп жарыя кылган. Аны «самозванка» деп ашатып салган. УӨтү ошентип жалпы элдин алдында сындырган. Текебаев өжөрлөнүп, Атамбаев өзүнүн кичи мекени Кой-Таштагы 2,7 га жерге кандайча ээлик кылып калгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды коомчулукка жар салып жиберди. Мунун негизинде Атамбаевдин аброюна өтө чоң сокку урулган. Текебаев тарабынан биринчи жолу өлкө башчысы Атамбаев катышкан чоң масштабдагы коррупциялык аракеттер ачыкка чыккан. Буга уда эле Текебаев Дача-СУда кулаган самолеттогу жүктүн Атамбаевге таандык экенин далилдейм деп билдирип, активдүү аракеттерди көрө баштады. Ошол мезгилде Атамбаев үчүн Текебаев менен С. Жапаровдун биригип кетиши өтө кооптуу болуп эсептелген. ММКларда Текебаев менен Жапаров Кипрда жолугушуп, Кумтөр маселесин жана биригүү проблемаларын талкуулашыптыр деген маалыматтар тарап турду. Кумтөр жана мөңгүлөрдүн проблемасын көтөрүү өтө эле
кооптуу болчу. Чынын айтканда, Атамбаев Текебаевди камабаса кантип резиденцияда жатып алып өлкөнү башкара алмак эле. Бул кыялын ишке ашыруу эч мүмкүн эмес болчу. Атамбаев өзүн түбөлүккө калтыруу учун КСДПны батыштын социнтернге мүчө кылып, «Ата-Мекенди» болсо толугу менен саясий аренадан сүрүп чыгууну көздөгөн.

— Ошол маалда саясий элита экөөнү чабыштырып коюп, буларды арачалаганга да жараган жок го?

— Ооба. Кептин баары мына ошондо болуп жатпайбы. Текебаевди «Сентябрь» каналы, «Элита.kg» сайты коргоп жатты. Текебаев камалып, сот иштери башталганда, «Ата-Мекенде» да лидерликти талашып, чала-була ырк кетти. Мен ошондо «Сентябрь» каналында жумасына 5 мүнөттүк аналитикалык программам менен бекер чыгып жаттым. Бирок, «Сентябрь» каналын эч ким колдогон эмес. Бийлик «Сентябрь» сот процесстерине тоскоол кылат экен деп аны да жаап тынды. Ошол мезгилде мен чын эле саясатчылардан колдоо күткөм. Отунбаеваны кандайдыр бир билдирүү кылабы деп ойлогом.
Отунбаеванын жеке өзүнүн же ушул эле фракция лидерлери менен бирдикте ошол кездеги президент Атамбаевге кайрылуусу жарык көрсө кана. Темирди кызуусунда сок дегендей, ал кайрылуу Атамбаевдин бийлигинин колкоосуна барып кадалып калары бышык эле.

— Макул, ошондой болсун дейли. Бирок, мындан ким утту?

— Рухий лидер болуп тарыхта түбөлүк сакталып калам деген Атамбаев утулду, Текебаев утту. Менин атам, «Кудай жок деген киши, куурап калсын» деп койчу эле. Аны сыңарындай, Кудай бар экен, Текебаевге анын көзү түз экен. Бир кезде эч кимди көзүнө илбей, бийлигине чиренген Атамбаевди бүгүн эч ким көзүнө илбей, өзү үчүн деп салган хан сарайында жападан жалгыз калып, камалып олтурат. Атамбаев жана анын командасынын миллиондорду уурдаган коррупциялык иштеринин фонунда Текебаев камакта олтуруп эле акталып калды. Атамбаев менен Сегизбаев аны түркүн-түркүн амалдарга салып, шоу менен камады эле, эми бул шоркелдейлер экс-президент жана анын командасы фактылардын жана документтердин негизинде шермендеси чыгып, уят болуп олтурушат.

— Камактагы саясий туткундардын тагдыры кандай болот?

— Саясий туткундардын эркиндикке чыгышы өтө эле татаал. Себеби, Атамбаевдер өлкөдөгү абалды татаалдаштырып жиберишкен. Кыязы, булар өзүлөрү коррупциялык негизде камалып кетпейли деп, атайылап саясатчыларды камап, саясий туткундарды жаратып койгондой. Мына бүгүн камалып жаткан Атамбаевдин командасындагылар күнөөлөрүн моюндарына албай, бизди саясий негизде куугунтук кылып жатышат деп билдирип жатышат. Анан калса, өзүлөрүнүн колдоочулары аркылуу соцтармактарда «булар С. Жээнбековдун мөөнөтү бүткөндөн кийин эркиндикке чыгышат» деп айттырып, ушундай пикирди калыптандырып, жайылтып жатышат. Демек, булар саясий туткундар кандай жол менен чыкса, кийин биз да жаңы президенттин учурунда ошондой жол менен эркиндикке чыгабыз деп, аны алдын ала билип жатышат. Муну менен бүтүндөй
коррупция менен күрөшкө чоң сокку урулганы турат. Менимче, бүгүн саясий туткундардын эркиндикке чыгышы президенттин да, парламенттин да иши эмес, бул юристтердин иши болушу керек. Бул маселени саясий негизде чечүү, тарых, келечек үчүн
туура эмес болуп калышы мүмкүн. Юристтер туура жана мыйзамдуу жолун табышы керек. Бул маселени Р. Отунбаева 7-апрель революциясынан кийин өлкөдөгү башаламандык учурдан пайдаланып Алиевди өлтүргөн деп камалган Атамбаевдин
жансакчысын чыгарып жиберген иш менен бирдей кароого болбойт. Анда өлкөдө Конституция иштебей калган учур болчу, шайтанды да чыгарып жиберсе эч ким жооп бермек эмес.

— Текебаев эркиндикке чыккандан соң кайрадан революция жасоого аракеттениши мүмкүн дегендер болуп жатпайбы?

— Атамбаев, Отунбаева же Текебаев болобу, ким гана болбосун бүгүн өлкөдө Атамбаевдин дооруна коошпогон, башка абал өкүм сүрүп жатканын туюп, билип, моюндарына алышы керек. Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Бекназаров 20 жыл бою элдин
жашоосун өзгөртөбүз деп тытынып жатып, 2 жолу революция жасашты. Бирок, эч майнап чыкпады жана эки революция тең мародерчулук жана кан төгүү менен аяктап, элге тыйындай да пайда алып келген жок. Тескерисинче, УӨ мүчөлөрү Атамбаевди сүйрөп бийликке алып келип алышып, кайра өзүлөрү анын тепсендисинде калышты. Бүгүн өлкөдө башка абал. Бийликте жаңы адам, жаңы лидер турат. Каалашабы, каалашпайбы эл С. Жээнбековду тандап, шайлап алды. Бул жолу бак ага конду. Бүгүн эл аны өлкөнүн жаңы лидери катары кабыл алып, андан көп нерсени үмүттөнүп жатат. С. Жээнбеков убадасына туруп коррупция менен күрөштү активдүү жүргүзүп жатат. Уурдалган миллиондор четинен кайтарылып баштады. Айрым 25 жылдан бери саясатта жүрүп, коррупцияга белчесинен баткан таанымал чиновниктер соттолуп, жеген миллиондорун кусуп жатышат. Экс-президент Атамбаевдин оң колу, чоң колу, премьер-министрлери, министрлери камакта олтурушат.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: