Menu

Өкмөт «Мегаком» компаниясын сатпайт

Бөлүшүү:

Өкмөт «Мегаком» соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» жабык акционердик коомун сатпайт. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Акылбек Жамангулов билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев компанияны мамлекеттин карамагында калтыруу тууралуу саясий чечим кабыл алышты. Мамлекеттик компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100% мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания түзгөнгө аракет кылып жатабыз», — деди ал.

Жамангуловдун айтымында, акыркы беш жылда компания үлүштүк киреше катары мамлекетке 15 миллиард сом (214 миллион доллар) төлөдү. Салыктарды кошкондо бул сумма 20 миллиард сомго чейин жетет. Компания жетекчиси мамлекеттик бюджетке «Мегакомдон» түшкөн кирешени жылына 20-30% көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

«Мегаком» өлкөдөгү эң ири үч уюлдук оператордун бири болуп эсептелет. Компанияга ээлик кылган «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун 100% акциясы мамлекетке таандык.

Өкмөт 2015-жылдан бери «Мегакомду» үч жолу сатууга аракет кылган. Бирок кызыккан инвесторлор табылбагандыктан сатылган эмес. Министрлер кабинети компанияны 13,5 миллиард сомго баалаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: