Ысык-Көл районунда 10 күндүк обочолонуу акциясы өтөт. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Такталгандай, обочолонуунун негизги максаты коронавирустун жайылышын алдын алуу жана аймакта кырдаалды турукташтыруу.
Бул мезгилдин ичинде жашоочулар облустун, райондун жана айылдын чегинен тышкары жерлерге чыкпай, башка региондордон келген адамдарды каттоого алып, аларды үй карантинине алуу сунушталат.
Ысык-Көл облусундагы туристтик зона азырынча жабыла элек. Буга чейин жергиликтүү тургундар аймакка кирүүгө убактылуу тыюу салуу маселесин көтөрүшкөн. Бирок, сунуш колдоо тапкан жок.
Туристтерди кабыл алуу шарттары 1-июнда кабыл алынган тартипте жүргүзүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ