Ош облусунда 168 күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5650 койка жайгаштырылган, 394 медициналык кызматкер бейтаптарга жардам көрсөтөт.
Штабтан белгилегендей, күндүзгү стационарларда 67 кычкылтек концентраторлору бар.
“Мурда аймакта 105 жасалма желдетүү аппараттары жана 267 кычкылтек концентратору бар болчу. Акыркы бир айдын ичинде 1 жасалма желдетүү аппараты жана 200 концентратор сатылып алынган. Өзгөн районуна демөөрчүлөр тез жардам унаасын беришкен”, – деп билдирди штабдан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ