Menu

“Апрель” телеканалынын сот иши башталат

Бөлүшүү:

“Апрель” телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложниковго Октябрь райондук сотунан сот жараянына чакыруу кагазы келген. Бул маалыматты чакыруу кагазынын сүрөтүн кошо жайгаштырып, журналист “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Журналисттин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, соттук териштирүү 30-январда башталат.

-Өткөн жумада да чакыруу келген, – деди ал. – Бирок биздин адвокаттар бошобой каларын айтып, сотту жылдырууну өтүнүшкөн эле. Эми “30-январда болот” деп чакыруу келди. Бизди Медиа Полиси институту сотто коргойт, алардын өкүлү менен жолугуп, сүйлөшкөнбүз. 10-январда саясатчылар Ахматбек Келдибековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Кеңешбек Дүйшөбаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен “Апрель” телеканалына койгон доо арызы толукталып кайра сотко тапшырылган.

Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Апрель” телеканалында 10-декабрда чыккан маегине байланыштуу 26-декабрда мурдагы президент менен аталган каналдын редактору Дмитрий Ложниковго каршы Октябрь райондук сотуна кайрылышкан.

Жогорку сот алардын доо арызын толуктоо үчүн 9-январда артка кайтарган.

Алар “телеканалдагы маегинде экс-президент ар-намысыбызга шек келтирди” деп, мурдагы президент менен телеканалдан жалпы жонунан 18 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнүп жатышат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: