Бул тууралуу маселени ЖК жыйынында «Ата Мекендин» лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып чыкты. Ал Транспорт министрлигиндеги коррупция маселесин, тагыраагы жакында Түндүк-Түштүк альтернатива жолунун 70 чакырымын сала турган компаниядан 520 миң доллар пара сураган компания кайра эле жол салууга жүгүрүп жүргөнүн жаңы шайланган министр Жанат Бейшеновго билдирип, пара берген компания да жазага тартылышы керектигин эскертти. Өкмөт ал чет элдик компанияны жоопко тарта алабы, же ал компания менен жең ичинде келишип алып, кайра иштешеби? Аны убакыт көрсөтөт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ