Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 31-январда КР Жогорку Кеңешинин жыйынында КР Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов ант беришти.

Мамлекет башчысы жаңы өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктап, ант беришкен министрлер буга чейин  жооптуу иштерде иштеп, аздыр-көптүр тажрыйба топтогондорун, тажрыйбасын жана билимин колдонуп, эл күткөн ийгиликтерди алып келээрине ишенгенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков парламентке кайрылып, депутаттар жаңы жылдан бери шайлоочулар менен жолугушуп, сот-укуктук реформанын алкагында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн үстүнөн иштеп, аткаруу бийлиги менен конструктивдүү кызматташып жатышканын белгиледи.

«Үч бийликтин бутагы эриш-аркак, биргеликте иштесе, мамлекетибизде  сөзсүз түрдө алдыга жылуу, ийгиликтер болот. Ушул жыл эли-жерибизге жакшылыктарды гана алып келсин, өлкөбүздө ынтымак жана биримдик болсун», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: