Адамдар же ишкерлер тиккен бет каптарды колдон келсе колдонбош керек. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйынында билдирди.
“Чек аралар жабылып башка өлкөлөрдөн келген бет каптар азайып, аларды толуктоо үчүн өкмөт бардык аракетин кылып жатат. Бет каптарды ишкерлер, жарандар өздөрү сатып алган ар кандай материалдардан бет кап тигип жатышат. Буларды колдонууга болот деп айткан эмеспиз. Колдон келсе мындай бет капты колдонбош керек”, – деди Акматова.
Азыркы учурда өлкөдө 44 жаран таажывирус илдети менен жабыркап жатышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ