Menu

Тажикстанда камактагы аял суицидге баргандан кийин милиция кызматкерлери иштен алынды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Айни облусундагы тергөө абагында 70 жаштагы аял өз жанын кыюуга аракет кылгандан кийин жергиликтүү ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Умаржони Эмомали билдирди.

«Үч милиция кызматкери иштен алынды. Мындан тышкары дагы бир милиционерге жана тергөө абагынын эки кызматкерине карата райондук прокуратура тарабынан текшерүү иштери башталды», — деди ал.

Жер тилкесин басып алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен кармалган 70 жаштагы Истад Курбонова 12-январда тергөө абагында өз жанын кыюуга аракет кылган. Анда жергиликтүү укук коргоо органдары аял кокусунан кайнак сууну башынан ылдый куюп жибергенин маалымдашкан. Бирок айыпталуучунун адвокаты ал өзүн-өрттөгө аракет жасаганын билдирүүдө.

Учурда Истад Курбонова үйүндө дарыланып жатат. Ал ооруканадан чыгарылгандан кийин белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошотулган. Анын күйөөсү Баходур Бобоев жубайы жергиликтүү прокуратуранын адилетсиз аракеттерине каршылык көрсөтүү үчүн өзүн-өзү өрттөөгө аракет жасаганын айткан.

70 жаштагы Истад Курбонова ушул айдын башында жер тилкесин басып алуу жана ал жерде мыйзамсыз курулуш жүргүзүү айыбы менен камалган. Бирок ал аталган жер тилкесин совет мезгилинде эле мыйзамдуу түрдө алганын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: