Бүгүн, 4-февралда интернетте тараган видеотасмада Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын мурдагы жетекчиси, азыр Атамбаевдин “Апрель” фондусунун төрагасы Фарид Ниязов “Манас” аэропортунда бир жакка жөнөппү, же жөн эле бирөөнү күтүппү, айтор, көпчүлүктүн катарында турганын кимдир-бирөө видеого тартып алыптыр. Ал тасманы эң биринчи жарыялаган адам Фарид Ниязов Москвага учуп кетти деп билдирсе, КСДПнын басма сөз кызматы Ниязов эжесин Москвага узатып эле аэропортко барган деп тастыктады. Көпчүлүк Фарид Ниязов өлкөдөн качып кетти деп чурулдашууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ