Кечээ, 10-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы кайрадан дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Нурпеисовдон Ишеним грамоталардын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министр Ч.Айдарбеков К.Нурпеисовду Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана мындан аркы жемиштүү ишине ийгиликтерди каалады.
Тараптар кыргыз-казакстан кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ