Menu

Өзбек жигити Кыргызстанды “Страна грязных девочек”-деп которуп шылдыңдады

Бөлүшүү:

Интернеттеги бүтүндөй Кыргызстанды шылдыңга алган өзбек жигитинин тасмасын көрүп олтуруп, шакардай эле кайнап, кан басымың көтөрүлүп кетет экен.

Бул тасмадагы жигиттин улуту өзбек экени айтылууда. Ал орус тилинде так сүйлөп, биздин сүйүктүү өлкөбүздү шылдыңга алып, “Кыргызстан-страна грязных девочек” – деп которуп, мазактаган. Андан ары: “Кыр – это вход, а кыз – это девушка”-деп шылдыңдоосун дагы да күчөткөн. Ар бир мамлекет ыйык! Анын аталышы, түзүлүшү жана башка кандай маанини берсе да, аны дүйнө жүзүндө бир да адам шылдыңдоого, кемсинтүүгө эч кандай укугу жок. Бул аяр маселе. Мындай кемсинтүү мамлекеттер аралык достукка доо кетирип, мамиленин начарлашына, ал тургай андан да жаман кесепеттерге алып келиши толук мүмкүн.

Андыктан тасмада такылдап бүтүндөй мамлекетибизди кемсинтип, элибиздин, кыздарыбыздын абийирине доо кетирип жаткан өзбек жигитинин бул кадамы бери болгондо акмакчылыкка, ары болгондо нааданчылыкка жатат. Тышкы иштер министри бул маселе боюнча дипломатияга ылайык чараны көрүп, окуянын чоо-жайын Өзбекстан бийлигине талапка ылайык кайрылуу жолдошу керек. Бул жерде биз нота маселесин айткыбыз келип турат. Кыскасы, өзбек жигити кыргыз элинен кечирим сурап, Өзбекстандын ТИМи түшүндүрмө берип, өз аракеттерин көрсөтүшү зарыл.

Булак: Багыт 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: