Menu

Таалай Тойчиев, обончу, аткаруучу: Жарымы күлкү, жарымы ыр концертиме чакырам

Бөлүшүү:

Айылдын баткагын кечип чоңоюп, эс-тарткан күндөн тартып чыгармачылыкка сүңгүп кирген таланттардын бири катары Таалай Тойчиевдин ысымын атасак болот. Маданият жаатында өз ордун таап, арыгын чаап келе жатат. Бир нече ыры элдин жүрөгүнөн түнөк тапканы жашыруун эмес. Тарбиялык, эстетикалык ырларды жаратып келет. Өрүкзардын кулуну 18-ноябрда чыгармачылык жеке кечесин жумурай журтка тартуулаганы туруптур, кепке тарттык.

—Таалай мырза, алдыдагы концерттен кеп куралык?

—Ооба, 18-ноябрда чыгармачылыгымды элге тартуулайын деген тилегимди ишке ашырганы турам. Концерт Филармонияда болот. Кызуу даярданып жатабыз. Белгилүү куудулдар, элге эмгеги сиңген ырчылар, төкмө акындар катышкан, ыр менен күлкү аралашкан өзгөчө бир жаңы программадагы концерт берели деп турабыз. Анткени, акыркы мезгилде концерттер бир кылка берилип, белгилүү ырчы концерт берсе эки саат бою ыр болуп, же куудул концерт койсо эки саат күлкү менен коштолуп кеткен учурлар болууда. Мен жарымы күлкү, жарымы ыр, арасында санат-насыят менен төкмөлөр коштосо деген тилегим бар.

—Элдин бүйүрүн кызытпай кимдер келерин ачыкка чыгарып койбойсузбу?

—Айтып койсом болот, куудулдардан: Абдылда Иманкулов, Тынар Курбаналиев, Рысбек Жантөрөев, Жамбыл Камчиев, төкмө акындардан: Рахматулла Козукеев, Жеңишбек Жумакадыр, ырчылардан: Саламат Садыкова, Мерген Турган, Расул Маматкулов, жаш ырчылардын: Илияз Абдразаков, Өктөм Сапар уулу, Роза Шакирова, Фарида Карбосова, Данияр Эрматов, Бактияр Токторов ж.б. катышып, элдин маанайын көтөрөт.

—Көптөн бери сахнада жүрөсүз, канча жылдык кече болот?

—Мен 20 жыл мурун, тагыраагы 1999-жылы тушоо кесүү концертимди бергем. Муну 20 жылдык кече деп атасак деле болот. Мен кийинки жылы апрелде өткөрсөк дегем, бирок иш башталып кеткен соң эртелеттик. Филармонияга келип ноябрь айын карасак 1 гана күн, 18-ноябрь күнү эле бош экен. «18» деген датага туура келип калганына бир чети сүйүндүм. Себеби, 18 мага жакын, 18-апрелде туулгам. Концертти «Сен сүйгөн карагат» деп атадык. Жаңы обондорумдун бири. Бул ыр былтыр жаралган. Айылга барып карагаттарды аралап жүргөндө «сен сүйгөн карагат» деген сап эсиме келип, чыгарма жаралган. Сөзүн Жыпара Исабаева эжеге жаздырдым. Элдин кабыл алуусу жакшы болду.

—Обондор канчага жетти?

—Авторлук обондуу ырларым 16га жетти. Ырларымды аткарып жүргөн ырчылар бар. Мирбек Иманбеков «Айылыма баргым келет», С.Токтосунов «Кара көз» «60-К» тобундагы Талант «Сентябрь аягы» деген ырларымды аткарып жүрөт. Бул концертте «Айылыма баргым келет» деген ырымды Мерген Турган аткарат. Концертте чыгармачылыктагы ырларымды жаңылап, ошондой эле анча-мынча залкар ырчылардын ырын да аткарам.

—Кесип боюнча иш болуп жатабы?

—Кесип боюнча музыка мугалимимин. И.Арабаев атындагы КМУнун көркөм маданият жана билим берүү тармагын аяктагам. Бишкек шаарындагы №21 мектепте балдарга сабак берип, 10 жылдай музыка мугалими болуп иштедим. Азыр көркөм сүрөт академиясында эмгектенип жатам.

—Чыгармачылык кашык бергендер болдубу?

—Толкун Момунов деген таланттуу агабыз бар эле. Менин чыгармачылыгыма түрткү берген ошол кишинин деми болду. Айылга «ямаханы» жаңы алып барып, мага «клавишник» болосуң деп таштап кетти. Эки айдын ичинде уйрөнүп, «Толкун» тобунда жүрдүм. 1996-жылы өзүмдүн командам менен чыгып, тойлордо популярдуу болдум. Элдин баары «Таалайдын тобу келе жатат» дешип ат коюп, алгачкы болуп Таалай тобун түздүм. 1996-жылы 1-альбомду жаздык, 1999-жылы Бишкекте эң алгачкы концертибизди бердик. Кийин Бишкекте «Таалай» деген топтор көбөйүп кетти. Элдин башы чаташты. Анан чогулуп сүйлөшүп, кандай чечебиз деп кенешип, жыйынтыгында мен «Таалай Баткен», Тотомидин досум «Таалай элеси», дагы бирөөсү «Таалай Бишкек» кылды.

—Түзүлгөн топтун тагдыры не болду анан?

—Топту 2015-жылы чогултуп жаңы ырларды иштеп баштадык. Жакынкы аралыкта «Таалай Баткен» тобу кайрадан сахнага чыгат.

—Туулган жер менен үй-бүлөнү кыстара кетсеңиз?

—Мен Баткендин Бөжөй айылында туулгам. Сегиз бир туугандын эң кенжесимин. Азыр беш кыздын атасымын, апасы менен алтоо. (каткырып)

—Ишиңизге ийгилик, кечени ийгиликтүү өткөрүп алыңыз!

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: