Иранда кулаган учактан каза болгон 11 кишинин сөөгү бүгүн, 19-январда Украинадагы “Борисполь” аэропортуна жеткирилди. Бул тууралуу “РИА Новости” жазып чыкты.
Алардын жазганына караганда, аталган аэропортто Украинанын президенти Владимир Зеленский, премьер-министр Алексей Гончарук жана Жогорку Раданын спикери Дмитрий Разумковдор сөөктөрдү тосуп алышкан.
Эске сала кетсек, 8-январда Тегерандын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунан учак көтөрүлгөндө кулап, анын ичиндеги жүргүнчүнүн баары мерт кеткен. Кийин расмий Иран ал учакты өзүнүн абадан коргонуу күчтөрү америкалык учак менен алмаштырып алып, жаңылыш атып түшүргөнүн моюнуна алган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ