Menu

Москвада футболдун айынан кыргыз-өзбек мушташы болду

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 25-ноябрда Москва шаары боюнча ИИМ басма сөз кызматына шилтеме келтирип, РИА “Новости” билдирди.

24-ноябрда кечинде Ефремов көчөсүндөгү тургундарынан үй короосунда жоон топ кишилердин мушташып жатканы боюнча полицияга кабар келген. Окуя болгон жерге барышканда, короо шыпырып иштеп жаткан мигранттар мушташып жатышканын көрүшкөн. Бардыгы полиция бөлүмүнө жеткирилген. Жабыр тарткандар болгон эмес.

“РЕН ТВ” кабарчылары билдиргендей, ал күнү жер шыпырып, кар күрөп иштеген мигранттар Кыргызстан менен Өзбекстан болуп футбол ойношкон экен. Натыйжада чыр чыгып, кечинде дал ошол короодо жолукмай болушуп, күрөк, ломдор менен келишип, сөздөн-сөз чыгып олтуруп, мушташып кетишкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: