Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ чыгарган буйругу менен мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-майору Өмүрбек Суваналиевди Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кылып дайындады. Ажонун бул кадамы бүткүл коомчулук тарабынан колдоого алынып, жакшы сөздөр айтылууда. Чындыгында президент Жээнбеков кадр маселесине кылдат мамиле кылып, чыныгы кесипкөй адистерге ишеним артып жатканы алкоого алаарлык. Дегенибиз, буга чейин АликбекЖекшенкуловдун стратегиялык өнөктөшүбүз болгон Россияга элчи болушу да абдан жакшы мүнөздө кабыл алынган. Репутациясы таза инсандардын бийликке келип жатышы чындап эле кыргыз журтчулугуна келечекке ишеним берүүдө. Биз дагы мындай чечкиндүү, акылман кадамдарды колдоорубузду билдиребиз. Коопсуздук кеңеши боюнча айта кетсек, мамлекет башчынын коопсуздукту камсыз кылуу чечимдерин даярдоону жүзөгө ашыруучу, кеңеш берүүчү конституциялык орган. Бул тармактын жетекчилигине 2018-жылдын март айында Дамир Сагынбаев дайындалган.
Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ