Социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбеков кол чатыр кармап жаныңда бараткан аялдарды кардан коргошу кызуу талкууланууда. Аталган сүрөттөрдү өлкө башчынын жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев тартып, жарыялаган.
Президент бул күнү Бишкекгеги №98 кесиптик лицейдин ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн барган. Сүрөттөгү аял ошол лицейдин директору Нуриса Иманкулова экени белгилүү болду. Социалдык тармактан сүрөттү көргөндөр «Жээнбеков — жентльмен» деген пикирлерди көп жазышууда.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ