Menu

КТРКны КСДП менен «Ата Мекен» талашабы?

Бөлүшүү:

КТРК жетекчисин шайлоо мезгили жакындап келет. Ага жетекчи болууну каалагандар 18-февралга чейин документ тапшыруулары зарыл. Илим Карыпбековдун 4 жылдык мөөнөтү аяктап, ордуна келе тургандардын килеми эбак эле согула баштаган. Жетекчи чыкмалардын ысымдарын ЖМК өкүлдөрү тизмектеп чыгып, ал тургай тигил шайланат, бул шайланат деген божомолдорду да жаадырып жиберишти. Өлкөнүн жүзү
болгон КТРКны кандай инсан жетектеши албетте коомчулук үчүн маанилүү. Бул кызматка кимдин келиши коомчулуктун гана бүйүрүн кызытпастан, бир топ саясий маанидеги аракеттердин да башын ачып бермекчи.

КТРК башчылыгына кудалангандардын ири башында президенттин көздөй болгон маалымат катчысы Толгонай Стамалиева турат. Аны өз ишине тыкан, маданияттуу, сабаттуу, төгөрөгү төп келишкен, берилген тапшырмалардын майын чыгара аткарган зымпыйган айым катары жакшы билебиз. Ал «Кабар» маалымат агенттиги, ЖК, Президенттин аппараты, «Манас» Эл аралык аэропорту сыяктуу мекемелерде маалымат
жаатында иштеп, тажрыйба топтогон. Толгонай министрдин орун басары болгон Зууракан Каденова жана элчи Кылычбек Султанга байланышкан Корей аэропортунан башталган чууда, өз позициясына ылайык маалыматтарды таратып тургандыгы менен жарк этти. Биздин пикирибизче маалымат катчынын КТРКга барар-барбасы арсар. Буга чейин президенттин аппаратында иштегендердин чүкөсү ар дайым таа конуп келгени белгилүү. Бирок, азыркы президенттин позициясы мурдакылардан айырмаланат, аки-чүкү иштерге
башын сала бербеген жайы бар. Эгерде Толгонайды колдосо аппаратта иштеген кожолор, же Ак үйдөн кешик аңдыган топ сүрөп чыгуусу мүмкүн. Ал эми бийлик атасы болгон КСДП партиясы учурда эки тарап тартып, басыгы солгундап турган чагы. Деги эле Толгонай айымдын бул партиянын лөктөрү менен байланышкан көрүнүктүү учурлары байкалган эмес. КСДПнын табиятына келсек, маанилүү бир жумушту бүткөрүү
зарылдыгы жаралган учурда гана копшолуп, ишти күчкө салып иймей жайлары бар. Партия төбөлдөрү укуругу узун колу, бийлик рычагдары жана болбой калган учурда «сыйкырдуу кагаздын» күчүнө таянып иймей адаты болгон. Деген менен партияны КТРК менен байланыштырган маселеде иш башкача өӊүткө ооп кетиши ыктымал. Маалымат катчынын КТРК жетекчилигине барар-барбасы арсар дегенибиздин дагы
себептери бар. Албетте Тологонай айым кандай жумуш болбосун майын чыгара аткара алат. Бирок, миӊдеген кызматкери бар КТРК бүгүн кечөөкү «кара жашик» эмес. Чыгармачыл адамдардын табияты, кыялы да ар түркүн. Ал эми маалымат катчы буга чейин мындай «ызы-чуулуу» мекемеде иштеген эмес. Деги эле теле-радио тармагында эмгектенип, анын өзгөчөлүгүн өздөштүрбөгөн. Бул жагынан бир аз назиктик кылып калышы мүмкүн.

Экинчи бир көрүнүктүү талапкер Шайырбек Абдырахман уулу. Эмгек жолун КТРКдан баштап, анын казанында быкпырдай кайнап бышты десек болот. Ал тургай кезинде ЭлТР каналын жетектеп, учурда КТРКга орун басар болуп кайра конгон. Шайырбектин сагызганга самын алдырбаган сактыгы, шайтан менен болсо да тил табышууга аракет кылган кыйдылыгы бар. Бул жигит да артынан жаман сөз эрчитпей
келет. Амбициясы күч, бычакка сап боло турган кыргыздын азаматтарынын бири. Учурунда депутат болом деп да белсенип чыккан жайы бар. Колдоочусу Садык Шер баш болгон «Ата Мекен» партиясы. Шайырбек бул партия менен бир топ жылдан бери активдүү байланышып келет.

Бул талапкердин былтыр КТРК жетекчисинин орун басарлыгына келген кезинен эле келечекте анын жетекчиси болуу планы түзүлгөн. Башкача айтканда Илим Карыпбековдун мөөнөтү аяктап келе жаткандыгы дайын болуп, жетекчиликти ээлөө жагы көптөрдүн бүйүрүн кызыткан. Муну жаш кадрларды дайыма коштоп, өстүрүп келген «Ата Мекен» партиясы аңдабай билген.

КТРКга «кожоюн» болуу эмнеси менен артыкчылыктуу? Биринчиден – КТРК бир нече теле-радио каналдарын камтыган өлкөбүздөгү зор маалыматтык күч. Саясатчылар үчүн андан өткөн күчтүү «колонка» жок. Экинчиден – Материалдык базасы бекем, коомдук деп аталганы менен казынадан да чоң каражат бөлүнүп турган мекеме. Демек, «Май көл, сүт көл» ишкана. Акыркы кездерде «Ата Мекен» партиясы келерки жылда боло турган парламенттик шайлоого карата жер пайын түптөй баштагандай. Садык Шердин «Айтыш» фондунда такшалган, маданият министрлигине да анын көмөгү менен креслого олтурган Фархат
Бекманбетовду, «балапан чыкма» министр А. Жамангулов токтом токуп, Кыргыз циркинин жамаатынын жоон тобунун нааразылыгына карабай жетекчиликке беките салды. Бекманбетов циркти оңоймун, имаратты «ремонттоп» жаңыртам деп белсенип турган чагы. Эгерде КТРКга Шайырбек Абдырахман уулу жетекчи болуп шайлана турган болсо, анда атамекенчилердин дагы бир планы ийгиликтүү ишке ашты дей бериңиз.
Маданият тармагы да кийинки кезде саясатчылардын материалдык-каражаттык базасына айланып келе жаткандыгы жашыруун эмес!

Кептин маңызы КТРКга Шайырбектин же Толгонайдын жетекчи болуп баруусунда эмес, өлкөдөгү дөө-шаа болгон партиялардын, саясий топтордун ортосунда болуп жатат. Атамекенчилердин позициясын бекемдей баштагандыгы тууралуу учкай айтып өттүк. Ал эми КСДП партиясынын абалы эки анжы болуп турат. Бирок, булардын саясий штабы да тынч жатпасы белгилүү. Маанилүү кызматты колдон чыгарбоо максатында күтүүсүз чараларды жасап жибериши мүмкүн. Андай учурларда КТРКга президенттин көздөй болгон маалымат катчысы эмес, Атыргүлдөй болгон «тылда жаткан» кызматкерлер барып калышы ыктымал.

А. Таштемиров

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: