Menu

Жолдош Султанов, аюрвед илиминин доктору: ” Тибеттеги кыргыздар 160 жашка чейин жашашат”

Бөлүшүү:

—Жолдош мырза, Тибет, Индияны кыдырып, санскрит жазмасын окуп келдиңиз, сөздү ушундан баштасаңыз?

—Санскриттен баштасак, аталган жазма накта биздин тилде жазылган деп айтсам жаңылышпайм. Сүйлөмдөрдүн куралышы, сөздөрдүн уңгусу накта эле азыркы кыргыз тилине дал келет. Бирок, азыр дүйнө жүзү билбей турат, бирок келечекте сыры ачылат. Ал эми аталыштын өзүнө келсек, «сан» деген санды, «крит» деген тамганы билдирет. Экөөсү бириккенде санскрит деген аталыш чыгат.

—Эгер сиздин айтканыңыз дал чыгып калса, биздин эне тилибиз дүйнөдөгү эң ыйык тил болуп калабы?

—Биздин тилибиз ааламдын тили. Жер бетинде жашаган элдер кыргыз тилинде сүйлөшкөн, учурда унутуп калды. Тилин гана эмес, каада-салтын, ырым-жырымдарын жоготту. Башкаларды мындай коёлу, биз өзүбүз да жоготкону калдык, атадан калган баалуу мурастардын баардыгын. Муну бүгүн ойлонбосок эртең кеч болуп калат.

—Тибеттеги туугандарыбыз өздөрүн кыргызбыз деп эсептейт бекен?

—Жок, алар Күндүн балдарыбыз, Аруу элинин урпактарыбыз дешет экен. Мындан сырткары, адамбыз дешпей, кишибиз дейт экен. Биз мисалы анын айырмасын билбей калдык. Дегеним, жакында бирөө, «эркекти киши дебейт, киши деп аялды айтат» деп көпкө чейин талашты, мына ушундай абалга келип калдык. Санскрит жазмасында киши деп айтылып, бардыгынан жогору турганы жазылган.

—Адам менен кишини кантип ажыратсак болот?

—Бир мезгилдерде башка катмардагылар келип, чабуул коюшуп, жерде Аруу элдери жашагандыктан жеңе албай коюшкан. Анан айла-амал кылып киши келбетиндеги адамды жерге түшүрүшкөн, Адам менен Ева деп койсок болот. Ошондон адамдар жаралган, арасынан еврейлер чыкты. Антропологиялык жактан дагы өзгөчө турат, кулактары менен тумшугу чоң, көздөрү тегерек, кара болот. Буларга дүйнө жүзүндө бир гана кыргыздар каршы чыга алат, анткени, жер бетиндеги кишинин уюткусу кыргыздар. Башка улуттар эч нерсеге жарабайт, себеби алар тили, дили, салты бузулуп кеткен.

—Еврейлерди Кудай тандаган эл болуп жатпайбы, жоголушу мүмкүн эмес да?

—Дин дегенди, Кудай дегенди бөлөк катмардан келген адамдар жерде жашаган кишилерди коркутуш үчүн жараткан. Мисалы, Алла-Таалага кулдун кереги барбы? Жок! Демек, биз Жаратканга кул болбой, ыраазычылык билдирип жашашыбыз керек. Тибеттеги кыргыздарда Теңирдин ыйык махабаты деген оозеки айтылган Манаска окшош баяны бар. Ошону менен эле жашап келе жатат, өздөрү түшүнбөгөн дубаларды жаттабай.

—Баса, дин демекчи, Тибеттеги кандаштарыбызда отургузуу салты бар бекен?

—Ооба, балдарын ырымдап, кесет экен. Бирок, биздикиндей этин шылып таштабай, кан чыгарып, учунан тилип гана коёт. Бизде, диний түшүнүк катары карашат, бирок Тибеттеги туугандарыбыз атадан калган салт катары тутунат. Эмненин негизинде пайда болгонун так биле албадым.

—Элдин саны менен урууларын биле алдыңызбы?

—Болжол менен 20 миңдин тегерегинде эл жашарын көрдүм, Кулжа, Бугу, Арсар, Жапма деген өңдүү уруулар бар экен. Кызыгы, ал жакта бугу жашабайт, бирок бугу деген уруу бар экен. Элдин жарымы «башка тарапка учуп кеткен» деп айтышты. Кызыл-Суу тарапка көчүп кетиптир. Алай менен Памирдеги дагы төбөт деген уруулар Тибеттен келген кыргыздар десек болот.

—Канча жашка чейин жашайт экен?

—Мен жашаган үйдүн ээси, энебиз 108 жашта болчу, 160 жашка чыккандарды көрдүм. 230 жашка чейин чыгат дешти. Алар бирин бири сыйлап, көңулүн оорутпай жашагандыктан, ар биринин өмүрү узун болот экен. Дагы бир кызыгы, эң бийик касиетке жеткендери кайтыш болсо жерге көмүп, жөнөкөй кишилердин сөөгүн жиликтеп, жоруларга берет экен. Миң жылдан ашык жашаган жорулар келип, жашына карай каз катары менен тизилип отуруп, өзүнө берилген устуканды бир сугунуп жутуп, учуп кеткенине күбө болдум. Эгерде өлгөн кишинин сөөгүнө кажыр келбей койсо, сөөгүн ит кушка таштап, күнөөсү бар, таза эмес жүргөн киши катары эсептелет экен.

Зулпукар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: