Өкмөттүн чабалдыгын ички дүң продукциянын цифралык көрсөткүчү да тастыктап койду. Борбор Азия өлкөлөрүнүн эң артында калдык. Кызыгы, биз тоготпогон Тажикстан Орто Азия өлкөлөрүнүн баарын артка калтырып, сап башына чыгып кетиптир. Бул факты биздин өлбөгөн төрт шыйрагыбызды калтырып, жер карата турган нерсе да. Расмий маалымат боюнча Тажикстандын ИДПсы өткөн жылы 7,3 пайызга, Түркмөнстандыкы 6,2 пайызга, Өзбекстаңдыкы 5,1 пайызга, Казакстандыкы 4,1 пайызга көтөрүлсө, Кыргызстандын ички дүң продукциясы болгону 3,5 пайызды түзгөн. Уят эй.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ