Menu

Жумабековдун орус тилин билбегени уят эмес, текстти окуй албаганы уят болду

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн ЕврАзия мамлекеттеринин парламент спикерлеринин төртүнчү жыйынында кагазга даяр жазылып берилген орус тилиндеги текстти окуйм деп тепкиге калды. Жумабековдун орусчага тили күрмөлгөнүн көпчүлүк шылдыңдап, бул кийин дагы айтыла берчү окуя катары калды. Кыргыз парламентинин төрагасынын орус тилинде түш жорушу зарыл эмес, түшүнгөн кишиге Жумабеков дагы орус тилин кандай билсе, ошондой деңгээлде текстти окуганга аракет кылды. Аны орус тилин мыкты билбейт деп тепкилөө дагы аша чапкандык. Биз кыргыздар орус тилинде сайрашыбыз керек деген түшүнүктү кабыл алып алганбыз. Акцент менен сүйлөгөн жетекчилерди мазактамай адатка айланган. Орус улутундагы адамдар кыргыз тилинде тантып сүйлөсө, аларга күлбөйбүз, шылдыңга албайбыз. Жумабеков дагы башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилинде кандай сүйлөсө, орус тилинде ошондой эле сүйлөйт экен. Мындан чоң көйгөй жаратуунун зарылчылыгы деле жок. Буга караганда колуна даяр текстти даярдап берген соң, ошону дагы шар окуй албаганын сөз кылуу туура болмок. Бул абал өлкөдөгү башкаруу системасында деңгээлге жараша кызмат ордуна баруу түп тамыры менен талкаланганын ачык көрсөттү. Ушул жүрүш мындан ары улана берсе, көп жыйындарда кыргыз өкүлдөрү шылдыңга калчу көрүнүштү көрөбүз.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: