15-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 15-февралда күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборубилдирди.
Эртең абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: -4…-1, күндүз +6… +11
Таласта түнкүсүн: -4…+1, күндүз: +5…+10
Баткенде түнкүсүн: -3… +2, күндүз: +7…+12
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: -3…+2, күндүз +7…+12
Ысык-Көлдө түнкүсүн: -2…-7, күндүз: +3…+8
Нарында түнкүсүн: -9…-14, күндүз: -1…-6
Бишкекте түнкүсүн 0…-2, күндүз: +9…+11
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ