Menu

Сооронбай Жээнбеков Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Аркадий Дворковичти кабыл алды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-декабрда Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын россиялык бөлүгүнүн төрагасы Аркадий Дворковичти кабыл алды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жолугушууда Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын келечеги, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, эки өлкөнүн аймактарынын кызматташтыгын активдештирүү боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков, бүгүн Бишкекте өткөн алтынчы аймактар аралык кыргыз-орус конференциясына катышкан Аркадий Дворкович менен учурашып, мындай конференцияларды өткөрүү эки тараптуу мамилелердеги жакшы салт болуп калганын белгиледи.

«Саясий планда Кыргызстан жана Россиянын ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жана көйгөйлүү маселелер болушу мүмкүн эмес. Россия дайым Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон жана ошондой болуп кала берет. Биз аймактардын биргелешип иштөөгө жана жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга болгон умтулуусун колдошубуз керек. Биз Кыргызстандан Россиянын аймактарына продукцияны жеткирүүгө кызыкдарбыз», – деп белгиледи Мамлекет башчысы жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине көңүл бургандыгы үчүн ыраазчылык билдирди.
Ал Аркадий Дворкович кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясынын россиялык бөлүгүнүн төрагасы болгонун канааттануу менен белгиледи.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады жана анын биринчи чет элдик сапары Россия Федерациясына болгонун канааттануу менен белгиледи.

Аркадий Дворкович россиялык тараптын Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык дагы кызматташтыкты тереңдетүүгө болгон даярдыгын белгиледи. Ал билдиргендей, кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык конференциянын кийинки жыйыны Россиянын Челябинск шаарында өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: