Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев:”Атамбаев Президент болгондон кийин, Ак үйдө бизди кучактап алып: “Силер болбосоңор мени окорочка кылып эле жеп коюшмак” деп ыйлаган”

Бөлүшүү:

Атамбаев бийликке жеткиче Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн колдоп, биздин да колдообузду алып жүрдү. Атамбаевди бийликке биз алып келдик. Президент болгондон кийин Ак үйдө бизди кучактап алып: “Силер болбосоңор мени окорочка кылып эле жеп коюшмак” деп ыйлаган”, –  деп билдирди бүгүн, 15-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-министр Кеңешбек Дүйшөбаев соттун суроосуна жооп берип жатып.  Бүгүн Октябрь райондук сотунда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү  Кеңешбек Дүйшөбаев менен Азимбек Бекназаров жана экс-депутат Ахматбек Келдибековдун экс-президент Алмаз Атамбаевге жана анын менчик “Апрель ТВ” телеканалына каршы берген доо-арызынынын негизинде соттук териштирүү башталды.

“Анан эле бийликке жеткенден кийин, айрыкча 2016-жылы 31-августтан баштап, теңирден тескери кетти. Бизди душман кылып алды. 2010-жылы апрелде “Ата-Бейитте” курман болгондордун сөөктөрүнүн алдында берген антын унутту. Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөй туралы десек болбой, 2016-жылы өзгөрттү. Бизди кемсинтип сүйлөй баштады. Анда чыдадык. Эми президенттиктен кетип алып да өзүнө караштуу телеканалдардан бизге жалаа жаап жатат”- деди Кеңешбек Дүйшөбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: