Menu

Быйыл кыргызстандык дыйкандар үчүн чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуу болот

Бөлүшүү:

Ушу тапта өлкөнүн айрым аймактарында жазгы талаа жумуштары башталып калды. Кыргызстандык дыйкандар үчүн быйыл чечевица, гречка, соя сындуу дан азыктарын айдоо кыйла пайдалуураак болот. Бул тууралуу айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитет Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинде «Айыл чарбасын каржылоо – 7» долбоору каралып жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдайт.

«Дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштады. ошондон улам, быйыл пахта айдоо аянты 2200 гектарга көбөйтүлдү. Темекинин аянты да 1 миӊ гектарга көбөйгөнү турат. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Россияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен», – деди ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: