Menu

Милиция: 6 жашар баланы аёосуз сабаган өгөй атаны кармоо боюнча аракет көрүлүүдө

Бөлүшүү:

Сокулук районунда алты жаштагы баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу  бүгүн, 23-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябр РИИБне Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 25 жаштагы А.Э кайрылган. Ал өзүнүн күйөөсү 33 жаштагы А.Бга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 17-18-ноябрга караган түнү саат 00:00 чамасында, 6 жашар баласын эч кандай себепсиз эле сабап салган.

Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР “Жүрүм-турумдар жөнүндө” кодексинин 75-беренесине ылайык катталды. Ошондой эле, иштин материалдары Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Учурда Сокулук РИИБдин кызматкерлери А.Бны кармоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ИИББнин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынгандыгы маалымдалды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: