“Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча келишимдин баасын 386 млн доллар болот деп Сапар Исаков менен Алмаз Атамбаев эле, ушул эки киши чечип коюшкан. Биз алардын кылмыштуу келишимин ратификациялап мыйзамдаштырып бердик. Сапар Исаков Атамбаевге 2013-жылдын июнунда эле кат жазып, баасы 386 млн доллар болот, аны ТВЕА аткарат деп чечип жөнөтүп жатат, Атамбаев ал катты өкмөткө жөнөтпөй министр Артыкбаевге “аткар!” деп жөнөтүп жатат, Президент аткар десе аткарбай көрчү. Жогорку Кеңешке декабрда алып келип жатышат”, – деп билдирди депутит Каныбек Иманалиев 14-февралдагы парламенттин Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияны талкуулаган отурумунда.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ