Menu

Кыргызстан көк бөрү боюнча Дүйнө биринчилигин өткөрөт

Бөлүшүү:

Жакынкы жылдары Кыргызстанда көк бөрү боюнча Дүйнө жана Азия биринчилигин өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук спортту өнүктүрүү программасын даярдалып жатат. Ал программа кабыл алынганда, агенттик дагы быйыл болбосо, эмдиги жылы Дуйнө биринчилигин жана Азия чемпионатын Кыргызстанда өткөрүүнү сүйлөшүп, даярданып жатат. Бул турнирлер Ысык-Көлдө өтөт. Бардык шарттар жана мумкүнчүлүк бар. Катыша турган командалар дагы бар.

— «Астанада кабыл алынган чечим кыргыз көк бөрүсүнө балта чапты же таасири тийди деген пикирден алыспыз», – деди Аманкулов.

Аманкуловдун айтымында, Ташкентте Дүйнө биринчилиги өтөт деп айтылып атат, бирок ал жерде көк бөрү деген сөз жок, көкпар айтылып атат.

— «Көкпар боюнча Астанада чемпионат өткөн. Биз сүйлөшүп, биздин балдар барып, көкпар ойноп келишкен. Кыргызстанда өткөргөн дө көк бөрү деп өткөзөбүз. Ошол турнирлерге алар келип, көк бөрүнүн эрежелери менен ойногон. Мен ойлойм, алардын чечиминин биздин көк бөрүгө кандайдыр бир таасири тийбейт. Аларда көкпар болсо, көкпар боло берсин. Биз өзүбүздүн көк бөрүбүздү өнүктүрө беребиз», – деди Канат Аманкулов.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: