Menu

Мамдума аскерлерге телефон колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун жактырды

Бөлүшүү:

Орусиянын Мамлекеттик Думасы шейшембиде аскер кызматкерлерине жана жоокерлерге кызмат өтөп жатканда телефон колдонууга, маалыматты жазып алууга, сактоого, Интернетке туташкан жабдыктарды пайдаланууга тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Ошондой эле аскерлерге кызматтын өзгөчөлүгү жана мурун бирге жүргөндөр, туугандары тууралуу маалыматты журналисттерге берүүгө, Интернетке жазууга тыюу салынат.

Долбоорду 408 депутат колдоп, эч ким каршы болгон жок.

Социалдык сайттардагы мындай мүнөздөгү посттордун жардамы менен башка маалыматтар белгилүү болгон. Журналисттер соцтармактардагы маалыматты карап отуруп, орусиялык аскерлердин 2014-жылы Украинада, 2015-жылы Сирияда жүргөнүн таап чыгышкан. Ошондой эле журналист иликтөөчүлөр соцсайттардагы маалыматты 2014-жылы Донбасста малайзиялык “Boeing” учагын орустардын “Бук” комплекси атып түшүргөнүн көрсөтүш үчүн колдонушкан.

Укук коргоочулардын пикиринде, мыйзам кабыл алынса, бул орус армиясындагы «өкүмзордукту» күчөтүшү мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: