Menu

“Коопсуз шаар” бизнес эмес, айдоочулардын эсебинен бюджетти толтуруудан баш тарткыла!”

Бөлүшүү:

Саясий серепчи Бакыт Бакетаев өкмөткө “Коопсуз шаар” боюнча аныкталган жол коопсуздугунун эрежелерин бузгандарга биринчи катачылыгын кечирүүнү сунуштады. Пикиринде, өкмөт бул долбоорду бизнес катары карабашы керек. Ошондуктан, аткаминерлер жаңы реалдуулукка азырынча көнө элек айдоочуларга гумандуулук көрсөтүшү зарыл. Эксперт мамлекет башчысы мындай сунушту колдоого алаарына ишенет.

“Кептин баары биздин эл, биздин айдоочулар ондогон жылдар бою авариялык кырдаалды жаратпастан кайсы бир жерден жол эрежесин бузса болот деген түшүнүк менен жашап келишкен. Азыр “Коопсуз шаардын” ишке киргизилиши көп айдоочулар жаңычылдыкка көнө алышпагандыктан, көнгөн адаттарына салып эреже бузуп алышты. Аткаминерлер бул нерсени туура кабыл алып, эреже бузууну каттоого алып, кат жөнөтүшсө да, айыппулду азырынча салбай турушса дейм. Айдоочулар эмнеден катачылык кетиришкенин көрүшөт да, аны кайра кайталашпайт. Бул жаатта жаза абдан эле катуулады, айыппулдун өлчөмү болсо жашоо деңгээлинен алда канча көп. Ошондуктан, биринчи жолу айыппулга жыгылган айдоочуну кечирип коюуга болот. Анан дагы бир жолу эреже бузса айыппул төлөй турганын расмий эскертип коюшу керек”, – дейт Бакыт Бакетаев.

Саясий серепчи өкмөттү “Коопсуз шаарды” бюджетти айдоочулардын эсебинен толтуруучу долбоор катары кароодон баш тартууга чакырат.

“Биз эми гана үйрөнүп баштадык. Бардык адамдар дароо эле баарын билип төрөлүшпөйт, ар бир жаңычылдыкты акырындык менен үйрөнүшөт. Биринчи катачылык дайыма кечирилет. Бул өтө маанилүү, анткени бийлик биринчи кезекте элге кызмат кылат. Биз таксисттердин жана катардагы айдоочулардын арасында көп ирет сурамжылоо жүргуздүк, алар “Коопсуз шаар” иштеп баштаган эки жумада токтото турган чекти капысынан баса токтоп, же каршылаш линияны тебелеп алышканын моюнуна алышты. Автоматташтырылган система бизнес эмес да, ушул зыяндуу логикадан аткаминерлер баш тартуулары керек. Долбоор жөн гана социалдык жана тарбиялык багытта ишке ашырылган”, – деп ой жүгүрттү эксперт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: