Menu

Нуржан Жамгырчиева, офтальмолог: “Алты жашка чейинки балдарга телефон көрүүгө тыюу салынат”

Бөлүшүү:

«Жүздүн көркү- көз болот» дегендей, көрүү органы адамдын жашоосунда эң негизги ролдо турат. Бирок, көз адам баласынын күзгүсү болгону менен ага туура кам көрүп, сактоо эрежелерин баарыбыз эле биле бербейбиз. Азыр техниканын өнүгүү заманында телевизор, компьютер, телефондордун зыянын билсек да, колдонууга мажбурбуз. Андыктан, көз оорулары жана көздү туура сактоо эрежелери боюнча саламаттык сактоонун отличниги, жогорку категориядагы врач офтальмолог Нуржан Жамгырчиеванын кеңешин сунуштайбыз.

– Компьютердин, телефондун терс энергиясынан көздү кантип туура сактоого болот?

– Чындыгында азыр бул актуалдуу маселе болуп жатат. Негизи эртеден кечке чейин компьютер менен иштей турган жумуш болсо, үйгө барганда компьютер, телефондорду такыр карабаш керек. Ар бир жарым саатта таза абага чыгып, алысты карап, көздү эс алдырып туруу абзел. Көздү сааттын жебеси менен тегеретип турса да көзгө массаж болот. Ушул эрежени күнүнө үч-төрт ирет кайталап туруу керек. Ошондой эле атайын витамин, көзгө тамызуучу дарылар менен терс энергиядан сактанууга болот. Компьютер, телефондорду чектен ашык колдонуу көздүн карегин кургатып жиберет. Чет өлкөлөрдө байкасаңар режимди туура сакташат. Алар көздү, организмди эс алдырганды билишет. Спорт менен машыгып, ден соолукка өзгөчө көңүл бурушат. Ошондукган ар бир нерсенин чеги болуш керек. Мага бир кыз ыйлап келген. Ал эки-үч билим алууну көздөп, эртеден кечке тынбай окуп, техниканы ашыкча колдонуп, көзүнө күч келтирип алган экен. Жыйынтыгында, көздүн көрүүсү начарлап, компьютер менен иштей албай калыптыр. Ушундай окуялар да кездешип турат. Андыктан, алгач ден соолукка, өзгөчө көзгө кам көрүп, аны сактоо кажет. Негизи 25 жашка чейин көзгө эч кандай күч келтирбөө зарыл. Азыр жаш балдардан бери көз ооруларына чалдыгышууда.

– Ошондо жаш балдар да көз оорусу менен көп кайрылып жатышабы?

– Ооба. Биз бала бакча, мектептерди кыдырып, текшерүү жүргүзүп турабыз. Мурда жаш балдарда 10-20% көз оорусу катталса, азыр 40-50%га чейин жетти. Көпчүлүгү баланын тынч отурганына карап, дароо телефон карматып, же эртеден кечке телевизор тиктетип отургузуп коюшат. Бул өспүрүм балдарга өтө зыян. Ар бир ата-эне 1-3 жашка чейинки балдарга кызыктуу жомокторду окуп берип, таза абада көбүрөөк сейилдетүү керек. Пайдалуу нерселерге кызыктырса бала телефон сурабай калат. Алты жашка чейинки балдарга телефон, компьютерди ойноого таптакыр тыюу салынат. Баланы туура тарбиялап, пайдалуу тамак-аш менен азыктандырып, ар тараптан өстүрүү зарыл. Ал эми өспүрүм балдарга да техниканы колдонууда убактысын чектеп коюшубуз керек. Азыр байкасаңар көчөдө ойногон балдарды көрбөйсүң. Баары эле телефон менен алек. Ар бир нерсе чеги менен болгону дурус.

– Көздү дыкат текшерүү үчүн офтальмологиялык аппараттар жетиштүүбү?

– Чындыгында мындай аппараттар жетишсиз. Бирок, көз оорусунун алгачкы белгилерин текшерүүчү аппараттар менен диагноз коюп, дарылоого өтөбүз. Учурда эң көп кездешкен көз оорулар: глаукома, катаракт, миопия жана көздүн кан айлануу системасынын жабыркашы. Көз ооруларынын айрымдары тубаса болсо, көпчүлүгү кийин пайда болгон оорулар. Ата-энесинин тубаса көз оорусу болсо, баласына да берилиши ыктымал. Бизге кайрылган ар бир адамды текшерип,
айрымдарына оорусуна жараша көз айнектерди жазып беребиз. Көз чарчап, талып ооруганда миопиа оорусу пайда болот. Учурда жаш-кары дебей миопиа оорусуна чалдыккандар көп. Ал эми карама азиздик оорусун тиешелүү көз айнектер менен оңдоого болот.

– Азыр линзаны сулуулук үчүн тагынуу модага айлангандай. Негизи эле линзанын оң жана терс жактарын айтып берсеңиз?

– Линзаны дайыма тагынып жүрүүгө мүмкүн эмес. Алысты жакшы көрө албаган балдарга гана линза жазып беребиз. Мектеп окуучуларына, дегеле 18 жашка чейинкилер өз алдынча сулуулук үчүн линза колдонууга болбойт. Анткени, линза тагынуунун өзүнчө гигиенасы, режими бар. Убактысынан ашыкча тагынуу инфекциялык ооруларга алып келет. Линзаны колдонууда сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, кеңеш алуу зарыл. Ал эми жакынды көрө албагандар үчүн азыраак диоптрийдеги линзаны сунуштайбыз же 1-даражага жетпеген миопияга дарылоо линзаны беребиз. Оорунун биринчи себеби сырткы таасир берүүчү факторлор. Жалпы кан айлануунун бузулушу, остеохондроз жана ар кандай өнөкөт инфекция оорулары, нерв системасынын патологиясы, зат алмашуунун бузулушу, ошондой эле ички факторлор көздүн аккомодация жабдыгынын бузулушу, кысылуусу жалган миопияга өтүшү айрым учурларда тукум кууйт. Ар бир алты айда дарыгерге барып текшерүүдөн өтүп турушса деген кеңешимди берет элем.

Назима Жумаева

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: