Menu

Президент Жээнбековдун тышкы саясий ишмердүүлүгү IRIнин изилдөө жыйынтыгында бекемделди

Бөлүшүү:

Мурун Кыргыз Республикасынын сырткы саясий мамилеси бир баскычта кыймылдабай келген болсо 2017-жылы бийликке келген жаңы өлкө башчысыңын коңшу өлкөлөр менен болгон эки тараптуу жылуу мамилелери абалды бир кыйла жакшы жакка өзгөрттү. Тактап айтсак, Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон бери жардамын аябай келе жаткан өлкөлөр Казакстан, боордош Түркия, Азербайжан сыяктуу мамлекеттер менен мамилебиз жанданып, Кытай жана Орусияга окшогон үлкөн державалар менен болгон мамилелер жаңы баскычтарга көтөрүлдү.

Өткөн жылдардагы өлкө башчысынын чет элге болгон 30га чукул визиттеринде 77 эки тараптуу жана 414 көп тараптуу эл аралык документтерге кол коюлду. Мындан тышкары чет элдик комиссиялар катышкан 7 бийлик аралык уктуруулар болду. 4 чет өлкө менен дипломатиялык алака түзүлдү. Андан тышкары Кыргызстандын Борбор Азия дагы өлкөлөрдөн тышкары Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен болгон карым катнашы динамикалуу түрдө өнүктү. Ошондуктан быйыл ШОСту өткөрүүнү жетектейт. Бул эстафетаны ажо Кытайдын Циндао шаарына барган иш сапарында алган. Кыргыз-кытай алакасы жаңы баскычка көтөрүлүп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармакта эки тараптуу мамилелерди түзүүгө шарт түзүлдү.

Кытай тарап айыл-чарбасын өнүктүрүүдө илимий инновациялык технопарк долбоорун жана ветеринардык фитосанитардык лабораторияларды жаңылоону ишке ашыруу, алыскы аймактарды таза суу менен камсыздоо үчүн 600 млн. юань грант бөлүү чечимин кабыл алды.

Анан да жакынкы күндөрү Орусия менен Кытай өлкө башчыларынын Кыргызстанга болгон иш сапары күтүлүүдө.

Коңшу өлкөлөр менен мамилени бир калыпка салуу үчүн өлкө башчысы тарабынан көптөгөн иштер жасалды. 2018-жылдын 15-мартында Астана шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жолугушуусундагы катышуусу жана Түркмөнстандагы Аралды сактап калуу эл аралык фондунун саммитине катышуусу өзгөчө окуялардан болду. Жолугушуу учурунда тараптар Борбордук Азиянын дүйнөлүк коомчулуктагы орду, регионалдык өнуктүрүү маселелери боюнча орток пикирге келишти.

Кыргызстан менен Казахстан чек ара боюнча юридикалык көйгөйлөрдү чечишип, документтерге кол коюлду. Кошумчалай кетчү нерсе, 2018-жылдын аягында IRI эл аралык республикалык институтунда Кыргызстандын башка өлкөлөр менен болгон мамилесин аныктоо үчүн сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Изилдөөнүн негизинде Кыргызстан-Орусия мамилеси жакшы деп 97% респондент ойлорун билдиришсе, Казакстан менен болгон мамиле 87% бааланган. 7% респондент мамиле начар деген. Респонденттер Түркия менен болгон алакага 69% жакшы десе, алардын ичинен 8% жакшы эмес деген бааны беришкен.

Ал эми 2018-жылы өзгөргөн Өзбекстан менен болгон алаканы 62% респондент жакшы деген бааларын беришкен. Добуш бергендердин 18% эки өлкөнүн ортосундагы мамиле начар деп ойлошот.

59% респондент Кыргызстандын Евробиримдик менен болгон достук мамилесине ынанышат. Ал эми Япония менен Тажикстан өлкөлөрү үчүн 41% деген окшош добуштарын беришкен. Кытай өлкөсү менен болгон жакшы алакага 39% респондент ишенсе, Америка менен болгон алакага 30% гана жакшы деп респонденттер өз макулдуктарын беришкен.

Эл аралык көз карандысыз изилдөөнүн жыйынтыгынан биз өлкөбүздүн жана президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө баам салып, тышкы саясий мамилелердин канчалык деңгээлде жогорулаганын байкасак болот. Азыркы жыл боюнча кийинки изилдөөлөрдүн көрсөткүчү дагы да жакшы баскычтарга жогорулайт деген илгери үмүттөбүз.

Каныбек Кадыралиев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: