Маданият министри Түгөлбай Казаков элдин эсин эки кылган мумия чырына байланыштуу кызматынан кетүүгө аргасыз мажбур болду. Бул киши министр катары маданиятты көтөрүүгө аракет кылганы менен мумиянын жерге көмүлүшү бир тең болуп, коомчулуктун сынына кабылды. Жаш ырчы Самара Каримованы Сулайман-Тоодогу музейге директор кылып дайындап жибергени да коомчулукта терс пикирди жаратты. Түкөнүн кызматтан кетишине бул эки иш себеп болгон жок.
Көшөгө артында көп иш болгонун көпчүлүк укпай калды. Түкө өзү дагы башкаларга окшоп кызмат дегенде өлүп берген жан эмес да. Жогор жактагыларга алчуңарды ала бергиле деп кол шилтеп баса бергенин мактанып жар салбады. Анын ордуна «эң маданияттуу» делген Султан Жумагулов келип олтурду.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ