Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектеги “Караван” соода борборунун ижарачылары митингге чыгышты.
100гө жакын адам Өкмөт үйүнө келишип, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду кабыл алууну талап кылышууда.
Алар: “Биздин нанды албагыла!”, “Аялдардын көз жашынан корккула!”, “Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун иштеткиле!” деп кыйкырышууда.
Митингдин катышуучулары белгилегендей, бул алардын акыркы митинги, алар Садыр Жапаров чыгып жолукканга чейин турууну көздөшүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ