Өз өмүрүнө кол салган 16 жаштагы кыздын төрөлө элек баласынын атасы тергөө абагына киргизилет. Мындай чечимди сот кабыл алган. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун энесинин жактоочусу Назгүл Сүйүмбаева билдирди.
“Жигит тергөө абагына эки айга жөнөтүлөт. Ал убактылуу кармоочу жайда отурат жана качан которуларын билбейбиз. Эми жумуш күндөрүнүн башталышын күтүп жатабыз. “Өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү” беренеси боюнча экинчи арызыбыз бар. Эми анын үстүнөн иштейбиз ” – деди адвокат.
Эске салсак, Ош облусунда кош бойлуу 16 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салган. Адвокаттын айтымында, кыз бойго жеткен жигит менен таанышып, кош бойлуу болуп калган. Жигит жана анын туугандары муну билгенден кийин, кызды аборт кылууга мажбурлашкан. Натыйжада, 25-августта кыз үйдөн чыгып кетип, 16-сентябрда анын сөөгү Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган. Ошол учурда, ал кош бойлуулуктун экинчи айында эле. Натыйжада жаш жигитке кылмыш иши козголгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ