Эгерде шайлоо таза өтпөсө, анда төртүнчү революция болуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирди.
Маек Ютуб каналдардын бирине жарыяланган.
Садыр Жапаровдун айтымында, бүгүнкү күнгө чейин бардык революциялар таза эмес шайлоонун айынан болуп келген.
“Эгерде президенттик же парламенттик шайлоо адилетсиз өтсө, анда төртүнчү революция болуп кетиши мүмкүн. 2015-жылы добуштарды сатып ала башташты. №2 формасын ойлоп чыгып, бир айылдан экинчи айылга ташып барып добуш бердирүүлөр болду. Мындан улам, 2020-жылдагы элдик толкундоолор келип чыкты. Мен тарыхтан сабак алганымды дайыма айтып жүрөм. Мындан кийин кандай гана шайлоо болбосун, бардыгын таза өткөрөбүз”, – деди Садыр Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ