Menu

АШАнын “айдагы” менен “Апрель” каналынан сайраган Мамыров

Бөлүшүү:

1993-жылы жазылган элдик Баш-мыйзамды талкалоо менен Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна жол ачып, мамлекетти түз жолунан тайдырган Конституциялык сот 2010-жылдан кийин Конституциялык палата деп түзүлгөн. Ошондон бери иштеп келе жатышат. Анча-мынча арызга жооп бергени болбосо, «тынчтыкты сүйгөн» орган так ушул Конститутциялык палата.

Албетте, бул орган табиятынан жабык, консерватор экени маалым. Дегенибиз, буга чейин жыйын уюштуруп, эл алдында пикирин билдиргенин көргөн эмеспиз. Анан эле кечээ жакында экс-президент баш болгон КСДПнын желдеттеринин маалымат жыйынына катарлаш Конституциялык палатанын төрагасы Эркин Мамыров таштын жаракасынан чыга калгансып, чак түштө түшкөн чагылгандай кутүүсүз пресс-конференция өткөргөнү кызык болду. Акаев заманынан бери сот системасынын каймагын калпып, чейрек кылымдан бери былк этпей иштеп келаткан Эркинбек Мамыров чоң демаршка барды. Кайсы кара теке сүзүп мындай кадамга барганына биз аң-таң калып турабыз. Деги мыйзамсыз кадам жасаганына эмне түрткү болду экен? Же экс-президенттен бир кезде алган сыйлыгын актап атабы? Бирок, ал сыйлыкка мынчалык үзүлүп түшүп коргоого албайт эле, балким, Мамыровдун «алкымын» кычыштырган «жашылбай» менен бааландыбы? Болбосо кабыл алына элек мыйзам тууралуу Конституциялык палатанын комментарий бериши юридикалык жактан да, саясий жактан да орой катачылык болуп эсептелет. Эми бул жагына кантип жооп берет? Эли-журт болсо Мамыровдун чектен чыккан бул кадамын АШАга карата кызмат кылгандай эле түшүндү. Анткени, Конституциялык палата берген пресс-конференцияны майда жиликтеген «Апрель» телеканалы кечке маал чайнап туруп маалымат берип, Мамыровдун айткандарына түз шилтеме жасоо менен, «Экс-президент АШАнын абсолюттук кол тийбестиги бар» деген «ураан-араанды» элдин аң-сезимине «сиңиргенге» болушунча аракет кылышты. Демек, бул жерде Мамыровдун «демаршын» АША канчага баалады болду экен деген суроо жаралат? Жакындан билген кишилер азга көнбөйт эле дешет. Кызматка кол шилтегенине караганда, Тобокелович чоң сумма үчун тобокелчиликке барган окшобойоу? Бул жашоодогу жоопкерчиликтен коркпосо дагы, акыреттеги акыйкаттыктан кантип кутулат? Мамыров жооп берем десе гезит бетинен орун бергенге даярбыз. Бирок, жооп бергенге духу жетпейт го…

Камчы Кадыров
Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: