Menu

Кашкар Жунушалиев менен ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы коомчулук менен кызматташууну талкуулашты

Бөлүшүү:

2019-жылдын 25-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Коомчулук менен кызматташуу, калктын милицияга болгон ишенимин арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Коомдук кеңештин негизги максаты менен тапшырмалары  бул ички иштер министрлиги менен коомчулуктун ортосундагы кызматташуу менен бири-бирин түшүнүүгө түрткү берип, ишмердүүлүктө жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө жардам көрсөтөөрүн Ялкун Даутов белгиледи.  Андан сырткары Коомдук кеңештин мүчөлөрү ченемдик-укуктук актылардын, башкаруучулук чечимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук талкулоого катышышып, азыркы
абалын талдоо менен коомдук ой-пикирди изилдөөнүн негизинде сунуштарды иштеп чыгышат.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылга карата пландар менен милициянын аброюн көтөрүү үчүн жүргүзүлүп жаткан бирдиктүү иш-чараларды негизинде ички иштер органдарынын тутумундагы коррупция менен күрөшүү маселелери  талкууланды.

Жолугушууда ички иштер министри Кашкар Джунушалиев Коомдук кеңештин башкы тапшырмасы – бул коомчулуктун ишенимин жана жарандардын колдоосун камсыздоо, милиция менен коомчулуктун ортосундагы натыйжалуу өнөктөштүк
моделин калыптандыруу экендигин билдирди. “Бүгүнкү күнү милициянын ишмердүүлүгүндөгү негизги принциптердин бири ачык-айкындуулук болуп саналып,  калктын милицияга болгон ишенимине өзгөчө көңүл буруу керек. Биздин ИИМдин Коомдук кеңеши милициянын ишин жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу керек” – деп ИИМдин башчысы кошумчалады.

Өз кезегинде ИИМдин Коомдук кеңешинин башчысы Ялкун Даутов, “Милициянын катарынан коррупциялык иштер менен алектенген, абийирсиз кызматкерлерден тазалоону, андан сырткары калктын милицияга болгон ишенимин арттыруу  боюнча ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу сунуштарын активдүү киргизүүнү улантабыз”- деп баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: