Menu

Таалайбек Карыбеков: “Орун басарым мага билгизбей, 15 тонна жанармайды мыйзамсыз сатып алыптыр”

Бөлүшүү:

Кечээ жакында эле президенттин иш башкармалыгына караштуу кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасына (КМАЧ) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат кызыгып калды. Укук коргоо органдарынын мындай көңүл буруусуна аңчылык чарбасынын Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводунан 14920 литр жанармайды мыйзамсыз сатып алганы себеп болду. Бул боюнча кылмыш иши да козголду. КР каржы полициясына бул чарбанын мурдагы директору Таалайбек Карыбеков кайрылган. Экс-директордун айтымында, анын жогорудагы солярканы сатып алууга эч кандай тиешеси жок, ишкана менен келишимди ага билгизбей аңчылык чарбасын 26 жыл бою жетектеп, 2019-жылдын январынан директордун креслосуна кайрадан отурган директордун орун басары Алтымыш Ибраимов түзгөн экен. Карыбеков бул кызматтан өз арызынын негизинде кеткен. Редакция бул ишти териштирип, аңчылык чарбасында эмне иштер болгонун билүү максатында Таалайбек Карыбековдун өзүнө кайрылууну чечти.

– Таалайбек Алымбекович, мүмкүн болсо, аңчылык чарбасында болгон жагымсыз окуянын таржымалын кыскача айтып бере аласызбы?

– Окуянын чоо-жайы мындай. Өткөн жылдын февраль айында Алтымыш Ибраимов Токмоктогу нефтини кайра иштетүүчү заводдун директору Лю Цзяньсяндан чарбанын муктаждыктары үчүн 620 миң сомго 14920 литр дизелдик отун берүүнү суранат. А.Ибраимов «заказ кылынган жанармайдын акчасы өз мөөнөтүндө төлөнүп берилет» деп кепилдик берет да, завод менен тиешелүү келишим түзүлөт. Көңүл бурчу нерсе, Ибраимов келишимди менин атыман түзүп, кудум мен макулдук берген сыяктуу колду менин фамилиямдын тушуна койгон. Бирок, мен ага андай тапшырма берген эмес болчумун. Биз дээрлик 15 миң литр жанармайды эч кандай тендер өткөрбөй сатып алганыбызды, дагы 400 миң сом карыз экендигибизди мен былтыр апрелде гана билип отурам. Биздин чарба тендерди 15 эмес, 5 эле тоннага жарыяламакчы эле, себеби, бизге анчалык көлөмдөгү солярканын кереги жок болчу. Мен ошол замат орун басарыман түшүндүрмө берүүсүн талап кылдым. Ал «чарбаны мен жетектеп турган кезде дизель отуну сатып алынганчалык суммадагы иштер бүтпөй калган болчу. Чарба планды аткарды, бирок, аны ишке ашырыш үчүн дизель отуну керек болду. Ошон үчүн алгам» деп актанганга аракет жасады. Бирок, солярка сатып алганы үчүн нефтини кайра иштетүүчү ишканага кайсы акчаны төлөп бермекчи болгону түшүнүксүз. Мен чарбаны өткөрүп алып жатканда сверкалык актыларды кылдат карап чыккам, ал жерде аткарылган иштер, жанармай сатып алынганы тууралуу эч сөз жок болчу. Ошондуктан, мен Ибраимовдон анын сөздөрүн тастыктоочу документтерди көрсөтүүсүн талап кылдым. Бирок, ал документтерди азыркыга чейин көрсөтө элек.

– Сиз кандай чара көрдүңүз? Себеби, ишканага карызды баары бир төлөп бериш керек болчуда?

– Мен президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси Турусбек Коёналиевге кайрылып, Ибраимовдун ишине укуктук баа берүүсүн сурандым. Иш башкармалыгы комиссия түзүүгө буйрук чыгарды, бирок, Т.Коёналиев чырды сыртка чыгаргысы келбегендиктен, менин арызымды расмий түрдө катташкан жок. Комиссиянын жетекчиси кылып, ал өзүнүн орун басары Нурбек Мамбетакуновду дайындады. Бирок, ал жетектеген комиссия маселеге ачыктык киргизе алган жок, менин баамымда, алар өз алдына андай максатты коюшпаса деле керек. Өткөн жылдын апрелинде Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводунун директору Лю Цзяньсян бизге кат жиберип, 400 миң сом карызды төлөп берүүбүздү талап кылды. Бирок, мен ал акчаны да, жанармайды да көрбөсөм, карызды кантип төлөп беришим керек?

Ошол учурда иш башкармалыгы түзгөн комиссия чочугандай уйкудан ойгонуп, А.Ибраимов экөөбүздү сүйлөшүүгө чакырды. Ибраимовго заводго болгон карызды төлөп берүүнү, а мага болсо макул болууну, жанармайды сатып алууга тендер жарыялоону сунуш кылышты. Бирок, биздин колубузда жанармай жок болуп атпайбы. Эгер болгондо «орун басарым аны тендер өткөрбөй сатып алып коюптур» деп түшүндүрүп, заводдун карызын акырындап болсо да төлөп бермекпиз. Эгер ревизия же текшерүү келип калса, ал мыйзам бузуу фактысын бат эле аныктап коёт, биз 5 тонна жанармайга тендер жарыялабаганыбыз, дегеле 15 тонна ГСМ кайда жумшалганы белгисиз болуп чыгат. Бул арада Токмок нефтини кайра иштетүүчү заводу «400 миң сомду өндүрүү үчүн сотко беребиз» деп коркута баштады. А.Ибраимов «акчаны таап берем» деп карганды. Биз, иш башкармалыгынын комиссия башчысы Н.Мамбетакунов экөөбүз анын сөзүнө ишендик, бирок, нефтини кайра иштетүүчү ишкананын директору Лю Цзяньсян акчасын өндүрө алган жок. Өткөн жылдын октябрь айында кытайлык бизнесмен расмий доо жиберди.

– Эгер сиз андай команда берген эмес болсоңуз, А.Ибраимовдун ГСМди сатып алуу боюнча буйругун ким аткарган?

– Таңкалычтуусу, бул иште ага башкы бухгалтер Лариса Искандарова «көмөктөшкөн» болуп чыкты. Ишеним катка дал ошол кол коюп, мөөр басып, анын негизинде азыркы директор А.Ибраимов заводдон дизель отунун алган. Бухгалтердин менин визам жок ишеним кат бергенге укугу жок болчу. Териштирүү учурунда ишеним кат аңчылык чарбасынын инженери Агильбек уулу Рустамдын наамына жазылганы белгилүү болду. Бирок, ал заводго басып да барбаптыр. Документтерди көтөрүп алып, сделканын баарын А.Ибраимов өзү жасаган. Муну тастыктоочу, ГСМ жүктөлүп атканда тартылып алынган видео бар. Андан тышкары, Ибраимов аңчылык чарбанын өзүндө мынчалык көлөмдөгү жанармайды сактаганга контейнер жок экенин шылтоолоп, алган жанармайды Токмоктогу жеке менчик заправкага куйган. Азыр тергөө органдары ал эмне болгон заправка экенин, 15 тонна ГСМди сактаганга кандай келишим түзүлгөнүн териштирип жатышат. Айтор, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кылдат иликтеп, завод болсо өз акчасын күтүүдө. Ал эми 15 миң литр солярканын тагдыры табышмак бойдон калат го, себеби, аңчылык чарбасын кайрадан А.Ибраимов жетектеп калды.

– Таалайбек Алымбекович, Токмок улуттук паркында жайгашып, аңчылык чарбасына тиешелүү бассейнде эмне болуп атат?

– Дароо эле айтып коёюн, жасалма суу резервуарын орнотууга уруксат берген документке да мен кол койгон эмесмин. Мыйзам боюнча мындай курулуштарды улуттук паркка курууга болбойт. Анан калса, паркта эс алып жаткан кишилер менен сүйлөшкөндө алар салттуу эмес христиандык агымдын адептери экени белгилүү болду. «Отчий дом» соопчулук фондусу улуттук парктан жерди 49 жылга эч кандай акы төлөбөй ижарага алган. Уюмдун жетекчиси Токмок учкучтар окуу жайынын мурдагы бүтүрүүчүсү Стефан деген неме. Окуу жайы жоюлганда эфиопиялык студент өз мекенине кайра кетпестен, дин ишмерине айланган. Бассейнди курууга уруксатты мага чейин аңчылык чарбасында директор болуп иштеген баягы эле «ишкер» А.Ибраимов берген.

Мамлекетгик экотехинспекция текшерип келип, мыйзам бузулганьш аныктады, себеби, бассейн капиталдык курулуш болуп эсептелет. Мен курулуш тууралуу угар замат Ибраимовду чакырып, «Отчий дом» фондусу менен келишимди бузууну талап кылдым. Ырас, келишим бузулду, бирок, ошол замат «Стефан» деп аталган башка уюм менен кайра түзүлгөн (ал кимге таандык экени белгилүү эле болуп турбайбы). Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Маектешкен: Жылдызбай Байсеркеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: