Menu

Абдыкадыр Садыков, Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедра башчысы: “Бакыт, иштей албасаң креслого жармашпа!”

Бөлүшүү:

Ж.Баласагын атындагы КУУнун кыргыз филология факультетинин деканы Б.Жайлообаевдин «декан болом» деген эчтеме оюнда жок тим эле жүргөн. Аны «жаш жана ишмер» деп ойлоп, мен аны шыктандыргам. Шайлангандан бир жыл өткөндөн кийин жоругу чыга баштады. Кадрларды өзү билгендей ары-бери жылдырып, чаң-будуңун чыгарууга киришти. Кыргыз тили жана адабияты орус мектептеринде бөлүмүндө иштеген лаборант декреттик өргүүгө кеткенден кийин ошол штатты кафедра башчысы менен кеңешпей туруп, Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасына которуп, ал жерге кыскарууга туш келген кыргыз тил илими кафедрасында лаборант болуп жүргөн бир келинди (мурда чогуу иштегендик кылып) туруктуу орунга отургузуп койду. Анан декандын орун басары Жаңыбаеваны кетирем деп аракеттенип, бирок колунан келбей (ал арыз жазган жок) калды.

Мен ушулар тууралуу өзүнө айтып, «минтпей жүр» дедим. Декандын кадрдан кийинки иши – окуу процесси. Ал ушу жагынан көп кемчиликтерди кетирип жатат. Бакалаврдын (4 жылдык окуу) туруктуу окуу-планын түзүшүп, андан «Адабият теориясы» деген негизги предмет түшүп калат. Комиссиянын ишине декандан башка эч ким катышпайт. Ал мага «ушундай болуп калды» деп «сүйүнчүлөп» келди. «Эмне себеби бар?» десем, «аны магистратурада окутат» дейт. Ал эми магистратурада эч качан лекция болбойт. Анткени киши келбейт. Мен проректорго «Адабият теориясы» деген предмет «Матанализ» десем түшүндү. «Бул маселени декан комиссияда отурганда айтса болмок экен» деди. Мен 25 жылдан бери эки негизги предметти окутам. Анын бири котормо теориясы. Окуу куралдары жазылып китеп болуп чыккан. Бул предметтин абалы да кубанарльгк эмес. Окуу-планын-да адегенде кайсы гана предмет болбосун «киришүүсүн» окутат. Ал эми биздин окуу-планында андай предмет жок. Бир гана «Котормо теориясы жана практикасы» деген сабак бар. Студент котормо дегенди билбей туруп эле
теоретиктердин ойлорун талдап башташат. Окуу-планында башка да кемчиликтер көп.

Мен Жайлообаевден түңүлгөндөн кийин «биздин бала кароолчунун эле ролун ойноп жатат» деп ректорго айтууга аргасыз болгом. Ал ошого нааразы болуп, мага каршы оппозицияга өтүп алыптыр. Бутум баспай бир айдан ашык төшөктө жаттым. Бирок, телефон аркылуу тиешелүү иштерди бүтүрүп жүрдүм. Ошого карабастан ал «табелге кол койбойм» деп чыгыптыр. Ал эми 4 айдан ашык ишке чыкпай ооруп жаткан Даутовго ошол кездеги декан унчукпай, «айлыгыңызды алып кетиңиз» деген мамиле кылганын билем. Ал эми Бакыт факультеттин атасы болуп туруп, бир жолу да телефон чалып, ден соолутумду сурап койгон жок.

Менин ооруганым көп кишилерге майдай жаккан окшойт. Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору келип, менин кафедра башчылыгымды «бирөөгө бериш керек» деп чыгыптыр. Аны угуп алып, мен ичимден ойлондум. Азыр кыргыз тили боюнча кайнап жаткан деле иш жок. Эки координатор калтырып, бүтүн штатты кыскартып койсо деле университет бир жагына кыйшайып калбайт. Кыргыз тил маселеси жолго коюлуп эле калды. Ага бүтүндөй аппараттын кармап туруу кереги жок. Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле. Ошондуктан, мен чоң теманын башына чыга албайм. Декан өзү чечинип салып иштебесе, азыр иш алдыга жылышы кыйын. «Колуңдан келбеген соң тынч эле оокатыңды кылбайсыңбы?» деп айтар элем. Антпесең ынтымак кетет. Өз ара кайым айтышуулар күчөйт. Сага ондуу акыл айтпай башка жакка буруучулар бар экени көрүнүп калды. Бакыт, жашсың, дагы эки-үч жолу декан болууга убакыт жетет. Андан көрө башкаруу илимин акырындап үйрөнүп, такшалыш керек. Мен азыркы учурда ушуну гана каалайм.

Абдыкадыр Садыков, Манас таануу жана дүйнөлүк адабият кафедра башчысы; филология илимдеринин доктору, профессор, УИАнын корреспондент-мүчөсү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: