Menu

Аида Исмаилова: “Июнь айында 10 миңден ашуун медициналык кызматкерге кошумча төлөм катары 109,6 миллион сом берилет”

Бөлүшүү:

Өкмөт медициналык кызматкерлерге кошумча төлөмдөрдү төлөп берип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, март айында 6438 медкызматкерге Саламаттыкты сактоо министрлигинен 37 млн 700 миң сом которулуп берилген. Апрель айында 10061 медициналык кызматкерге 111 млн 600 миң сом берилген. Май айында 8891 медкызматкерге 109 млн 800 миң сом төлөнүп берилген. Жалпысынан 259 100 миң сом которулуп берилген.

“Июнь айында 10 237 медициналык кызматкер кошумча төлөм алуу үчүн табель толтурулду. Аларга 109 млн 600 миң сом которулуп берилип жатат. Которуу иштери башталды” – деп билдирди Аида Исмаилова.

Ал ошондой эле, кепилденген айлык маяналар Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан толук берилип жатканын баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: