Жыл башынан бери Өнөрдү өнүктүрүү фонду 5 миң кыргызстандыкты кесиптик лицейлер менен колледждерде акысыз негизде окутушкан. Бул тууралуу “Инклюзивдик өсүү өнөрү – секторду өнүктүрүү” программасынын менеджери Нурлан Атаканов билдирди.
Анын айтымында фонд 130 жумушчу кесип боюнча кыска мөөнөттөгү курстарды уюштурат. Азыр фонд кадр агенттиктери менен кызматташып жатыптыр.
“Кыргызстандын рыногунда жүздөй кадр агенттиктери иштейт, алар биздин жарандарга чет өлкөдөн легалдуу жумуш таап беришет, укуктук жана маалыматтык колдоо көрсөтүшөт. Ушундан улам биз аларды кызматташууга чакырып, жумуш берүүчүлөрдөн, жеке тараптардан буюртма алып, жумуш издеген жаштарды курстардан өткөрүп, керек кесиптерге үйрөтүп, жумуш орун таап бере баштадык”, – дейт фонддун директору Рысбек Акынбеков.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ