Эл аралык IRI уюму жыл сайын саясатчылар ортосунда сурамжылоо жүргүзүп, кимге эл көбүрөөк ишене турганын жарыялайт. Быйыл, 2018-жылдын жыйынтыгы менен өткөргөн сурамжылоодо бир нече саясатчылардын ысымы аталып, сурамжылоого коюлган. Сурамжылоодо өлкө башчысы алдыңкы орунду ээлеп, катышкандардын 27%ы президентке ишеним арта турганын көрсөткөн. Андан соң А.Мадумаров 14%, Бабанов 13% ишенимге ээ болушкан. 2017-жылы элдин 36% ишенимине ээ болгон экс-президент А.Атамбаевге, 2018-жылы элдер ишенбей калганын далилдешкен.
Ага болгону сурамжылоого катышкандардын 3%ы гана жакшы деп баа беришкен. Бир жыл аралыгында Атамбаевге болгон элдин ишеними 33%га түшүп кеткен.
2017-жылы президенттик шайлоонун алдында Атамбаев, «С.Жээнбековдун кадыры 3% эле болчу», – деп айтып, ал сөзүн быйыл дагы кайталаган. Бирок, 2017-жылы ошол эле IRI уюму уюштурган сурамжылоодо С.Жээнбековго 10% эл ишеним көрсөткөн. Жыл айланбай Атамбаевдин кадыры кайрадан 3% болуп калды.
Булак: «Кабар инфо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ