Menu

Видео – Акылбек Жапаров облустарды өнүккөн өлкөлөргө бөлүштүрүп берүүнү сунуштады

Бөлүшүү:

Анын айтымында, республика чет өлкөлөрдөн жана ири эл аралык уюмдардан ансыз деле материалдык жардам сурап келет.

«Жапонияга бир облусту бербейлиби, маселен, Баткен же Нарынды. Ал бир облусту көтөрүп чыкпайбы – жолун, саламаттык сактоону, билим берүүнү, баарын, айтоор, Жапониядай татынакай кылып чыкпайбы. Америка дагы бир облусту албайбы. Алты облусту алты ири өлкөгө, анын ичинде Орусияга берели», – деди Жапаров.

Депутат өлкө аймагын андан ары дагы майдалап бөлүштүрсө болот деп эсептейт. Анын айтымында, республикада 40 элчилик бар, аларга 40 районду бөлүп берсе болот.

«Кыргыздар ичибизди тар кылбасак. Анан ал жерге да Жапониянын, Германиянын же Орусиянын желегин илип коюп, ушул регионду башынан аягына чейин өнүктүрүп жатат деп үлгү кылып көрсөтсөк. Ушуну дагы бир жолу сунуштайын деп жатам, болбосо мыйзам долбоорун жазам», – деди Акылбек Жапаров.

Өлкө жети облустан жана республикалык маанидеги эки шаардан турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: