Акыркы эки жумадан бери түркмөн бийлиги VPN сервистерге каршы күрөштү күчөтүп, «Эркин Европа» радиосунун түркмөн кызматынын сайтына кирүү мүмкүндүктөрүн катаалдатууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Ашхабаддагы өз булактар кабарлашты.
Январдын аягында Rohde & Schwartz немис компаниясы Түркмөнстанга санариптик жабдууларды жеткирип жатканын билдирген.
Анда басылма аталган компания түркмөн атайын кызматы менен түзмө-түз кызматташпай турганын жазып, бирок коопсуздук кызматы түркмөн өкмөтүнө берилген жабдууларды жарандардын интернеттеги аракеттерин аңдуу үчүн колдонуп жатышы мүмкүндүгүн белгилеген.
Түркмөнстанда көз карандысыз маалымат каражаттарына, анын ичинде «Эркин Европа» радиосунун сайтына бөгөт коюлган. Мындан тышкары Facebook, YouTube, Twitter,Vkontakte социалдык түйүндөрүнө, WahtsApp, Telegram, Viber, Signal мессенжерлерине тыюу салынган. Түркмөнстандыктар блоктолгон сайттарды жана мессенжерлерди VPN жана прокси сервистер аркылуу колдонушат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ