Бишкектин Жер колдонуу жана курулуш башкармалыгы шаардын Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишиндеги, №11-мектептин аймагында орнотулган Нурлан Мотуевге таандык, тандыр менен павильонду буздурду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Бул павильон менен тандыр 27-февралдын түнүндө орнотулган. Ошол эле күнү мектептин жетекчиси «Бишкекглавархитектура» мекемеси менен биргеликте комиссия түзүп, аталган павильон эч уруксааты жок орнотулуп, алынууга тийиш экендиги тууралуу акты түзүлгөн.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ