“Биздин Саясый туткундарды коргоо комитети мыйзамсыз соттолгондорду реаблитациялоо процессине киришип жатат. Ал эми Алмаз Атамбаевди жоопкерчиликке тартуу үчүн кандай негиздер бар: бул бийликти узурпациялап алуу фактысы, бийликтин бардык бутактарын Атамбаев өз алдына басып алган эле”, – деп билдирди Саясый туткундарды коргоо комитетинин жетекчиси Сапарбек Аргымбаев кечээ, 1-мартта өткөн маалымат жыйынында.
“Өлкөнү ар кандай мыйзамсыз методдор менен башкарган. “Белизгейт” сыяктуу кир методдорду пайдаланган. 30дай саясый туткунду камаган, анын ичине 18 адамдын иштери мыйзамсыз экени оркоюп эле көрүнүп турду. Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана башкалар. Биз азыр жакынкы убактарда бийликти узурпациялап алгандыгы үчүн Атамбаев жазага тартылсын деп иштеп жатабыз. Андан кийин анын кылмыштуу тобу уурдап алган байлыктарды мамлекетке кайтаруу үчүн иштейбиз. Ошондой эле биз Абдил Сегизбаев менен Ирина Жолдубаева сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылабыз”, – деди Сапарбек Аргымбаев.
“Эрнест Карыбеков Алмаз Атамбаевдин балдары Сейит менен Сейтек “Автомашэнерго” компаниясы аркылуу коррупциялык иштерди жасап жатканын фактылар менен далилдеп ачык айтканы үчүн камалды. Бишкек ТЭЦине таш көмүр түшүрүү боюнча, Атамбаевдин балдары электрэнергиясын арзан баада, 1 сом 20 тыйындан алып, элге 2 сом 16 тыйындан сатып жаткандыгы боюнча фактыларды ачыктап чыкканы үчүн Эрнест Карыбеков азыр да камалып олтурат”, – деп кошумчалады Кубанычбек Кадыров.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ