Menu

“Ушул Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Туйгуналы Абдраимовдор премьер-министр болгондон көрө Мухаммедкалый Абылгазиев эле ордунда калганы жакшы”

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-мартта Бишкектеги “Ай тамга Солто” коомунун курултайынан кийин “Солто” коомунун өкүлдөрү “Ушул Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Туйгуналы Абдыраимовдор премьер-министр болгондон көрө Мухаммедкалый Абылгазиев өзү эле кала бергени жакшы. Абылгазиев ызы-чуусу жок, арты таза, ар бир көйгөйгө олуттуу карап, шашпай, “жети өлчөп бир кескен”, калыс киши экен. Күжүлдөп эле эл аралап иштеп жүрөт. Дагы эмне керек? Мына азыр кызматка Чүйдүн кулундары, Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, Бишкектин мэри Азис Суракматов баш болгон ондогон балдар-кыздарыбызды тартты. Ал эми тиги Сариев, Өмүркулов, Абдраимовдорду биз “кыздын сыры төркүнүнө маалым” дегендей жакшы билебиз, алар дегеле элге жакшылык кылбаган, кылбайт дагы. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда Балыкчы-Корумду жолундагы коррупцияга шектелип, парламент тарабынан кызматынан айдалган. Иса Өмүркулов Бишкектин мэри болуп туруп, жер сатуу коррупциясына шектелип, кызматынан алынган. Туйгуналы Абдраимов кафелерде эле сөз талашып, колуна бокал тиеби же эмне тийсе ошону менен каршылашын көзгө чаап, мушташам деп кыйкырып чыккан чоң муштум. Ушул үчөөсү премьер-министр болгондон көрө Абылгазиев эле калып иштей берсин”, деп Сары-Өзөн-Чүйдө уу-дуу сөз кылып жатышканын бизге окурмандарыбыз телефон чалып билдиришти.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: